Чагылган: Темир Сариев 8-июнь күнү «Дасмия» этно-комплекисинде саясатчы Темир Сариев республикалык негизде «Бирге» жаштар форумун өткөрдү. Форумга өлкөбүздүн 7 дубанынан 250  жаш жигит, кыздар катышып, аларга  экс-премьер министр Темир Сариев өзү баштап, андан тышкары кыргыздын жаштайынан чоң ийгиликтерди багынткан ар кыл тармактагы жаштары  жаштардын Кыргызстандагы орду, максаты, көйгөйү жана өздөрүнүн ийгиликтери тууралуу кызыктуу кеп козгоп беришти. Чынында бул форум Кыргызстандын жаштары үчүн бир топ чоң окуя болуп калды. Себеби, саясатчылардын дерлик баары тең эле Сариевге окшоп, жаштардын маселесине жакындан көңүл буоуп, минтип респбуликалык жаштар форумун өткөрүшпөйт. Ошондуктан, бул форум жаштарга өзүнчө чоң дем берип, стимул болду. Аталган форумга катышкан айрым жаштардын пикирин угуп көрдүк:

https://www.youtube.com/watch?v=XTBdrwPdtsY&feature=youtu.be

Каленова Гүлзари, форумдун катышуучусу:

-Мен 25 жаштамын. Эки жогорку билим алдым. Биринчиси архитектор, экинчиси юрист  кесиби боюнча. Бул  форум мен үчүн эле эмес, бардык катышкандар үчүн абдан пайдалуу болду. Анткени, бул форум жөн эле отчёт эмес, абдан жандуу жана кызыктуу  өттү. Жаштар Кыргызстанда абдан чоң күч экени талашсыз. Бирок ошондой болсо да, өкмөт канча жылдан бери жаштарыбызга жакшы көңүл бурбай келди. Көп учурда сөз менен мактап, сөз менен убада берип, ошону менен бүттү болуп келди. Менимче, жаштар өкмөткө көп деле ишенип, карап олтура бербей,  ийгиликке жетүү үчүн эң ириде өзүбүз аракет кылышыбыз зарыл деп эсептейм. Жанар Акаев, Чыңгыз Шамшиев, Руслан Акун ж.б. инсандар бул форумга катышкан жаштарды өздөрүнө тартып турду десем болот.

Мен башынан эле Темир Аргенбаевчти колдоп, анын саясатта жасаган эмгектерин баалап келем. Ушул себептен мен өзүмдүн башка иштеримди жыйыштырып, Темир Сариевге шайлоо иштери боюнча жардам берсемби деп ойлоп жатам. Мен анын алдыдагы чоң таймашта  жеңишке жетишсе экен деп тилеп атам.

Анткени,  мен бул инсанды кыргыз элин, кыргыз мамлекетин өркүндөтүп көтөрө турган саясатчы деп билем. Сариевдин программасы эч качан өзгөрбөйт. Элге берген убадасын чекесинен аткарып келет. Мындан ары да, ушул темптен жазбайт деп ойлойм. Бул форумда да жаштарды Кыргызстандагы ролун, көйгөйүн, ийгиликтерин абдан жеткиликтүү кылып айтып берди. Мага абдан пайдалуу болду.

Акматов Аделина, форумдун катышуучусу:

-Мен “Бирге” жаштар форуму болорун угуп, досторубуз болуп чогуу келгенбиз. Себеби, биз мындай форумдан  эң биринчи кезекте өзүбүзгө пайдалуу нерселерди алуу. Бүгүн биз көбүнчө ЖМКлардан көрүп, угуп билип жүргөн атактуу жаштардын кызыктуу баяндарын уктук. Алар бизге жакшы кеңештерин беришти. Алар жаш туруп чоң ийгиликтерди багынтып жатканы менен бизге үлгү болуп жатышат.

Биз да аларга окшоп, элибизге пайдалуу эмгектерди жасагыбыз келет. Буйруса, архитектор-дизайнер болууну көздөп жатам. Максатыма жетип, ушул тармакта чоң ийгиликтерди багынтсам дейм.

Мага Темир Сариев саясатчы катары абдан жагат. Ал башка саясатчыларга окшоп, эки сүйлөбөйт. Абдан принципиалдуу деп эсептейм. Жалкоо эмес, абдан эмгекчил жана иштемчил. Анын буга чейинки кылган эмгектери бизге үлгү болуп калды.

Ошондуктан, аны биз эле эмес, жалпы элибиз абдан сыйлайт. Буйруса, Темир Сариев алдыга койгон чоң максатына жетет деген ишеничтемин.

Нурланова  Амина, форумдун катышуучусу:

-Мен бул форум абдан пайдалуу болду. Себеби,  бизге ийгиликтүү жаштарыбыз жана биз сыйлаган Темир Сариев жаштардын орду, деги эле жаштар өзүн кандай алып жүрүү керектигин, эмгекке болгон мамилени ж.б. көптөгөн кызыктуу нерселерди айтып берди. Биз алардан өзүбүздү кызыктырган суроолорго жооп ала алдык.

Мен ушундай форумдар ушуну менен эле токтоп калбай, мындан ары да байма-бай болуп турса экен деп каалайт элем.

Бизге чоң ийгиликтерди багынткан Темир Сариевге окшогон инсандар , ушундай пайдалуу форумдарды уюштуруп өздөрүнүн кеңештерин, билгенин билимин бөлүшүп турса демекчимин.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here