Интернетти “Матрицадагы” ыкма менен дүң кылган кыргызстандык Рафаэль Физиев профессионалдык мелдеште кезектеги жеңишке жетишти.
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 10-майда Таиландда өткөн мелдеште жеңишке жетишкенин спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Физиевге түштүк кореялык спортчу Ким Сен-Йонг каршы турду. Бул кармаш Пхукетте өткөн Road Figniting Championship 39 турниринин башкы таймашы болуп калды. Беттешүү алгачкы раундда эле кыргызстандык спортчу ишке ашырган нокаут менен аяктады.

“Атаман” деген каймана ысымга ээ болгон Рафаэль Физиев учурда Phuket Top Team клубу менен келишим түзүп, Пхукетте жашап келет. Спортчу тай бокстун IFMA версиясы боюнча Кыргызстан менен Казакстандын бир нече жолку чемпиону. 21 ирет профессионалдык беттешүүнүн 18и Физиевдин жеңиши менен аяктаган.  Февраль айында кыргызстандык спортчунун кармаш учурунда “Матрица” тасмасындагы Нео сымал соккудан боюн ала качкан ролиги соцтармакта аябай популярдуу болгон.
sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here