Чагылган: Кайрымдуулуктан ашкан улуу иш жок болсо керек, бул жарыкчылык жашоодо. Себеби, кайрымдуулук менен дүйнө сакталып турат десек болчудай. Өзгөчө Рамазан айынын көркүн кайрымдуулук иштери  чыгарып тургансыйт. Ушул айда бизде да, башка мусулман элдерде да кайрымдуулук иштер абдан көп болууда. айтсак, бүгүн элибиздин камчыга сап уулу Нурмухаммед Миңбаев Нарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөгө 250 уйду музоосу менен берип, кайрымдуулук кылып, элдин батасына татып олтурат. Ал эми коңшу Казакстанда «Нектар»  курулуш компаниясынын мүдүрү Шамиль Каспранов  кичинекей баласы менен балдар үйүндө баш калакалап келген Ирина Кудринага батир белек кылды. Мындай белекке күтүлбөгөн жерден ээ болгон Ирина ачкычты колуна алганда ыйлап жиберген. Ал 23 жашка чейин балдар үйүндө болуп, андан кийин ал жакка жашай албай калганын, батирге айына 40 миң теңге төлөп, эптеп-септеп күн көрүп келгенин nur kz. сайтына айтып берген. Ошондой эле ал 3 жаштагы баласын жалгыз тарбиялап келатканын да кошумчалаган.  Бизде деле ишкерлер абдан көп. Айрыкча, барган сайын курулуш компаниялардын күркүл ээлери да көбөйүп келатат. Көбөйсүн, бирок ошого жараша эл ичиндеги ушундай оор шартта жашаган багар көрөрү жок, аялуу адамдарга  ар дайым жардам беришсе…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here