– Мен 22, жолдошум 27 жашта. Баш кошконубузга төрт жыл болду. Ак сүйүүбүздөн жаралган мотурайган эки уулубуз бар. Ашып кеткен байлыгыбыз болбосо да бири-бирибизге болгон берилүү, таза сезимдер менен бактылуу элек. Бирок акыркы кезде жашообузда үчүнчү адам пайда болуп, анын айынан күн алыс кер-мур айтышып, сезимдерибиз сууп бараткандай. Баарынан кыйыны, ал үчүнчү адам – кайним, күйөөмдүн уялаш иниси. Кайнимдин мага болгон ашыктыгын билгениме аз эле убакыт болду. Убакытты созбой бул маселени чечпесе арты жаман болобу деп чочулайм.

***

Жолдошум экөөбүз коңшу айылдарданбыз. Ал мени биздин мектепке ар кандай иш-чаралар менен келип жүрүп жактырып калыптыр. Мен мектептин алдыңкы, жигердүү окуучуларынын бири элем. Мектепти аяктап, чоң максаттар менен шаарга барууга ашыгып жаткан маалда биздин үйдү айланчыктаган көк машине пайда болду. Ал жолдошум Улукбек экен. Бир күнү экөөбүз тааныштык жана Улукбек ошол биринчи таанышууда эле: “Кептин ачыгы мен сени көптөн бери жактырып жүрөм. Сенин мектепти аякташыңды күтүп келгем. Шаарга барып өзгөрүп кетериң турган иш, мен аны каалабайм. Андыктан каршы болбо, баш кошолу, өзүм окутуп, бактылуу кылып багып алам”, — деди. Менин шаарга болгон эңсөөм мындай сөздөргө жеңилбейт эле. Максатымды беттеп кетип калдым. Окуу жайларды кыдырып жүргөн маалда Улукбек кайрадан жанымда пайда болду. Ушунчалык өжөр экен, ал акыры мени багындырып алды. Башында тажап эле макул болгондой болгонум менен бара-бара ага көнүп, мен да аны жактырып калдым. Окууну аяктамайын турмушка чыкпайм дечүмүн. Бирок Улукбектин максаттарына ылайык мен 1-курсту аяктагандан кийин баш кошо турган болдук.

***

Айылга барып ата-энесине үйлөнө турганын айтып, тойдун алгачкы камын көргөнү кеткен Улукбек бир күндөн кийин эле маанайсыз келип калды. Көрсө, апасы: “Сен алчу кызды мен эбак таап койгом. Мен айткан кызды аласың, башкаңды билбейм”, — деп каршы чыгыптыр. Улукбек беттегенин бербеген көктүгү, өзү каалагандай план менен жашоодон тайбаган өжөрлүгү менен акыры ата-энесин көндүрүп биз баш коштук. Кайнатам жоош, катуу сүйлөбөгөн, кайненем ага тескери – шайыр-шатман, анан адам көңүлүн карабай оюндагысын сүйлөй берген адам экен. Улукбек улуусу, андан эки жаш кичүү карындашы, беш жашка кичүү мени менен тең иниси бар экен. Жайкы каникул убагы болгондуктан айылда көпкө туруп калдык. Кайним Уланбек мектепке кеч киргендиктен 11-классты менден бир жыл кеч аяктады. Айылда жүргөн үч айдай убакта кайненемдин мага болгон жектөөсү азайып калгансыды. Бирок уулунун тилин албай койгонуна болгон ызасы тарабаганын билдирип: “Улукбек өз билгенин кылды, эми Уланбек мен айткан кызды алат”, — деп баса белгилеп жүрдү. Мен кайним, кайын сиңдим менен жакшы тил табышып, кээ бир учурларда жашынмак, куушмак ойноп абдан жакшы мамиледе болуп кеттим. Окуу жылы башталган маалда алар мени кетиргиси келбесе, мен алардан кетким келбей коштоштук.

***

Ата-энебиз бир жыл бою эки ай сайын эт-аш, айран-сүтүн даярдап Уланбектен берип жиберип жатышты. Уланбек келгенде дасторконубуз берекеге, үйүбүз шаңга толуп калат. Үчөөбүз отуруп алып ар кандай оюндарды ойноп, телевизор көрүп жыргап жашап калабыз. Уланбек кеткен соң бир жумача аны жоктоп калчубуз. Ошентип, жыл айланып биз уулдуу болдук, Улан мектепти аяктады. Бирок анын шаарга барып билим алуусуна ата-энебиз каршы чыкты. Атабыз: “Жакшы көргөн балаңа шаар көрсөтпө, — деген, — бизди бакчу сенсиң”, — десе, апабыз: “Агаңдын бизди укпаганы жетишет. Атаңдын сөзүн ук, менин тилимди алып мен айткан кызды ал”, — деп чыкты. Ушундай мамиледен улам Улан мектепти аяктаган соң бир жыл өтпөй апабыз тапкан кызга баш кошуп өзүнчө түтүн болуп калды.

***

Мен удаа эле экинчи уулумду төрөдүм. Айылга баштагыдай каттабай, барсак да балдар менен алышып атып эле келчү болдук. Чынында абысыным менен анча жакшы тил табыша алган жокмун. Ал же көңүлү жок келгенгеби, же болгон кулк-мүнөзү ушундайбы, айтор, кабагын ачпай тосуп алып, дал ошондой узатчу. Уланбек экөөнүн деле жаңы үйлөнгөн түгөйлөрдөй тамашалашып, эркелешкенин байкаган жокмун. Бир байкаганым —  кайненем ал келинин менден алда канча жакшы көрдү.

***

Бир күнү кайненем таң атпай телефон чалып калды, үнүндө коркунуч бар.

– Элина, Уланбек бардыбы силердикине? – деди учурашканыма карабай.

– Жок, шаарга кетти беле? Айткан эмес элеңиздер го?

– Ой, кайда кеткенин деле билбейм. Деги үй-бүлө күткөн, аялы бар адамга окшобой койду. Кечээ эртең менен урушуп койсом жулкунуп чыгып кеткен, ошону менен жок. Эч кимибиздин телефонубузду албай жатат, – деди ыйламсырап.

Күн бою чалып ала албадым. Улук жумушта эле, ал да байланышпаганын айтты. Кечинде чайга отурганыбызда Улан кирип келди. Ал күнү учурашуудан ашык кеп сүйлөшө алган жокпуз. Эртеси түштөнүү маалында гана ал:

– Мен келиниңер менен ажырашам. Ал үйдөн кетмейинче айылга барбайм. Ал аялды мен эмес, апам алган. Ушинтип айтып коюңузчу, — деди. Шайыр, элпек кайнимден мындай кеп күткөн эмес элем. Унчукпай эле отуруп калдым. Айткандарын кайненеме айталбай күйөөмө айттым, ал ата-энесине айтты.

Көрсө, Уланбек жарым жылдан ашык жашаса да келинчегине көнө албай коюптур. Аны «барсыңбы-жоксуңбу» дебей айылдагы бойдок балдар менен көчө таптап, кечелерге барып жүрө берчү экен. Байкуш келинчеги болсо апабыздын алдап-соолаганы менен чыдап келиптир. Акыры экөө тең жарылып, катуу урушуп кетип ушул иш болуп жаткан экен.

***

Ошентип, Улан көгөрүп биздикинде жүрүп алды. Айылга барчу түрү жок. Шаардагы достору жумуш таап берип, ишине барып-келип жайма-жай жашап атты. Келинибиз болсо бир айдан кийин кетип калыптыр. Бир күнү апамдын үйрөтүүсү менен кайнимди кепке тарттым:

– Улан, турмуш курарда өзүң деле ойлонуп, анан макул болгонсуң да. Эми деле кеч эмес, жакшылап ойлонуп, ата-энеңди беймаза кылбай айылга барып турмушуңду улант, — дедим апамдын айткандарын кайталап.

– Барбайм, жеңе, айтпадым беле «аны мен эмес, апам алган» деп. Жеңе, чынын айтайынбы, мен жактырган адам бар. Анын башы бош эмес. Ага жетпесем да жок дегенде ага окшогон кыз табышыма мүмкүнчүлүк бербей коюшпадыбы? – деди көздөрүн жайнатып. Мен күткөн жооп мындай болбогондуктан кайненемдин үйрөткөн калган кептерин улап айтууга мүмкүн болбой калды.

– А сен кандай кыз издедиң эле?

– Сиздей, – жылмайып койду. Дагы бир тамашасы экен десем, андан ары кебин олуттуу улады, — ооба, жеңе, сиздей. Көрсө, мен сизди байкем экөөң кыз-жигит кезде эле телефонундагы сүрөтүңүздү көргөндө жактырып калыптырмын. Силер баш кошкондо байкем үчүн кубандым деп ойлосом, сиздин мага жакыныраак келгениңизге кубаныптырмын. Сиздин байкем менен жетелешип жүргөнүңүздү, ага эркелеп ойногонуңузду көрүп келинчегимдин куду сиздей болушун кыялданчумун. Эгер мени “үйлөн” деп кыйнашпаганда сиздей бирөөнү сөзсүз тапмактырмын. Бирок тигини билесиз да, кебетеси да, мүнөзү да бир укмуш, — деди кыжына. Ал эч убакта келинчегин атынан да атаган жок, – анан чыныгы үй-бүлөлүк турмуш кандай болорун, ачыгын айтканда, эки адамдын бир төшөктө жатуусу эмне экенин билгенден кийин сиз биротоло эсимден чыкпай калдыңыз.

Мен ашканадан атып чыктым. Калп эле уктап жаткан эки баламды айланчыктап, бошобой калган киши болуп калдым. Кайнимдин мынчалык кепке уста болуп, ачылып-чачылып сүйлөгөнүн биринчи жолу көрүшүм. Ошону менен кебибиз токтоп, экөөбүз эки бөлмөдөн чыкпай калдык. Кечинде Улук келгенде гана дасторконго бирге отурдук. Ал менден, мен андан жалтактап аттык. Улук эч нерсе билбейт да:

– Силер эмне, урушуп кеттиңерби? – деди таң кала. Улан бата кылып туруп кетти.

– Улук, Улан азыр айылга кетпейт окшойт, батирге чыгып албайбы? – дедим жанатан камдаган оюмду билдирип.

– Эмне, батпай атасыңбы? Бир бөлмө ансыз деле бош турбайбы, жөн кой, жашай берсин, — деди ал мени жактырбай.

***

Уландын мага оорчулугу деле жок эле. Ансыз да үйдө отургандыктан анын кирин жууп, ага тамак берүүнү чын дилимден жасачумун. Ары кайним менен аны-муну кобурашып чай ичүү, балдар менен үйдө камалып отурган мага жагымдуу да эле. Бирок Улан мага карата сезимдери бар экенин айткандан кийин мен андан жаа бою качып калдым. Ал болсо Улук жокто мүмкүн болушунча жанымда болууга аракет кылат, ар бир кыймылымды көз албай тиктеп “сулуусуз, сизге бул жарашат” деп жагымдуу сөз айткандан тажабайт. Байкеси келген соң бөлмөсүнө шашат, же чыкпай коёт. Мунун кандай себеби бар экенин билбеген Улук болсо мени ага жакшы мамиле кылсын дейби, же бир бүлө катары бири-бирибизге жакын болсун дегениби, “бар, Уланды чайга чакыр”, “тур, Уландын төшөгүн салып бер”, “Уландын кийимдери тазабы” деп ыгын таап эле мени анын бөлмөсүнө жибере берет. Бир күнү «төшөк салып бер» дегенинен аргасыз бөлмөсүнө кирип бардым. Гүлжигит Сатыбековдун кайсы бир муңдуу ырын угуп жатыптыр. Унчукпай төшөгүн салып берип чыгып кетеримде алдымды торой тура калды да, бир саамдан кийин:

– Силер да уктаганы атасыңарбы? — деди. Мындай таң каларлык суроосуна жооп бергим да келген жок. Ал болсо:

– Азыр баарыбыз жатабыз. Анан сен, силер жыргалга батасыңар, ошол маалда менде азап башталат. Сенин башка менен, менин байкем менен экениңе өрттөнөм. Ар бир түндө бул үйдөн качып кетким келип атат. Бирок сенден алыстап кетким келбейт. Эмне кылам? – деди, же ачууланганы, же ызаланганы билинбей. Ал мага биринчи жолу «сен» деп кайрылды.

Жолумду тоскон колун түртүп чыгып кеттим. Ошондон кийин күйөөмдүн кайниме жумшагандарын кылгандан да заарканып калдым. Кылбай койсом, “жалгыз инимди жактырбай эмне болуп атасың. Ансыз да үй-бүлөсү бузулуп кыйналып жүргөн немеге жок дегенде биз жакшы мамиле кылып коёлу да”, — деп наалыйт. А мен ага “иниң мага ашык болуп жашоосун бузуп алды. Ал бул үйдө мени кайтарып жашап жатат. Ал да сен сыяктуу мени сүйөт” деп кантип айтам. Аргасыз кабагым түйүлөт. Аныма ачуусу келип Улук дагы бир кеп айтат, ошентип, күн ара урушканыбыз арбып баратат. Кайним болсо күн өткөн сайын ушаланып, кыйналып, өзү да беймаза болуп, мени да кыжалат кылып жашап атат. Апабыз болсо чалган сайын: “Ай, сен бир жеңедей болуп экөөнү табыштырып койсоң боло. Энесине, тууганына айтпаганын кайни деген жеңесине айтат. Тилин таап сүйлөшчү, эмне дейт?” — деп жанымды койбойт. Ооба, кайним энесине айта албаганын, тууганына айтпас сырын мага айткан. Эми ал сырдын түйүнүн кантип чечүү керек? Же ачыкка чыгарганым эле туурабы?

Булак Леди кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here