Ырчы Съездбек Искеналиев эл арасында кеңири жайылган дүйнөлүк, чыгыш жана албетте, улуттук кыргыз бийин чагылдырган «Мына минтип» аттуу ырын клиби менен бирге коомчулук сынына алып чыкты. Съездбектин Gangnam Style, Makarena жана чыгыш бийи менен улуттук кыргыз бийи чагылдырылган бул шаңдуу ыры эми кыргыз тойлорунун көркүнө-көрк кошоору белгилүү.

 —Съездбек байке, ыр кантип жаралып калды?

—Ырдын сөзү акын Акбар Кубанычбековго таандык, обонун өзүм жаздым. Бул ырдын идеясын бөбөктөрдүн оюнунан алгам. “Мына минтип” деген сөздүн өзү эле адамды тартып турат экен. Аны ошол бойдон ырдаганда окшошпой калмак, ошон үчүн дүйнөлүк бийге аралаштырдым. Көп эле бийлер бар эле, бирок музыкалык көз караш менен караганда шайкеш келишпей калат экен. Ырдагы бийлер жуп келди. Акбарга барып идеямды айтсам, ал ырды бат эле жазып берди. Эрнис Жоошев деген жигитке ыр жагып аранжировкасын жасап берди. Ырды элге тартуулоодо бир команда иштеди. Ырдап чыккандан кийин эле көзгө көрүнүп калды да, жакшылыкта ырдап көрөйүнчү деп бир тойдо ырдасам, эл абдан жакшы кабыл алды. Андан кийин, ырга клип тартып элге алып чыгайын дедим дагы клипти тарттык. Тилек жана Жоодар деген эки жигитке барып ырды угузсам, алар өздөрүнүн ою менен бөлүшүп, “Бирок, клипте сиз да сөзсүз бийлешиӊиз керек” – деп калышты. “Санжыра” жана “Айбийке” деген кыз-жигиттердин бий топтору менен 2 жума бийледик. “Мына минтип” деген жердеги кыймылды алар ойлоп табышты. Буюрса эл клипти да, ырды да жакшы кабыл алды. Мен клиптен кийин бир нерсени байкадым. Интернет булактарында негатив нерселерден кийин эл жакшы жаӊылыкка суусап турганы байкалды. Ырым элге жакшы ой тартуулады.

—Клиптеги команда бир топ адамдардан туруптур, тартылуу учурунда чогултуу жагынан кыйналган жоксузбу?

—Атайын бир күндү белгилеп, актёрлорду, бийчилерди чакырып, биринчи бийчилерди тартып алып, экинчи күнү актёрлорду тарттык. Буга чейин ырды рекламалап чакан видеороликтерди интернетке жүктөп, элдин кулагын көндүрдүм. Актёрлор Айнура эже, Самат, Бакыт менен Жеӊиш, Бакыт байсариев, Нэна,  Курал, Ильяздар кандай сонун бийлешти. Эл бул клипти кубануу менен кабыл алды. Учурдан пайдаланып, бардык клипке катышкандарга ыраазычылыгымды билдирип кетем.

—Эмне үчүн соода түйүнүн тандап алдыӊыздар?

—Бизге бийлегенге бош жай керек болгондуктан соода түйүнү клипке ылайык болду. Анын үстүнө клиптердин баары эле студияда болуп жатпайбы, биз бир аз өзгөчөлөнтүп, эл менен аралаштырып соода түйүнүнөн тарталы деген чечимге келдик. Ал жактын жарыгы да жакшы экен.

—Продюсерлер гилдиясында директор эмессизби, ал жактагы ишиӊиз кандай болуп жатат?

—Ал жактагы иштер иретке түшүп калган. Кинопрокатты иретке келтирип алдык. Киночуларга өзгөчө тиешелүү, ар бир төртүнчү күнү кинонун бет ачары болсун деген нерсени ишке ашырдык. Ал жакта да ишке ашыра турган идеялар бар, бирок баары келип эле каражатка такалып жатпайбы. Өзүм болсо кино тармагына эмдиги жылдан баштап кайра аралашам. Азыр идеям бар, ошол кинону тартып чыгарабыз.

—Боз салкын тасмасында актёр катары катышып, кийин продюсердик жаатта алып барган иштериӊизге күбө болуп калдык. Продюсерликке өтүүгө эмне түрткү болду?

—Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин  менеджер-продюсерлик бөлүмүн аяктагам. Ырчыга же театрга продюсер боломбу тандашым керек болчу. Мен киного тартылып, ал жактын ашканасын анча-мынча билип калгандыктан, киного продюсер болууну эп көрдүм.

—Ырчы, обончу, актёр, продюсерликтин кайсынысы жүрөгүӊүзгө жакын?

—Чыгармачыл адам бардык жактан чыгармачылыгын өркүндөтүүсү кажет деп ойлойм. Алгач кыргыз журтуна ырчы, обончу катары таанылсам, кийинчерээк актёр жана продюсер катары да атым чыга баштаганы мени кубантат. Албетте, ырчылык менен обончулук өнөрүм чыгармачылыгымда өз ордун таап, бекемдеп, өзүмдүн күйөрмандарым бар. Кино болсо кыйноо да. Эӊ башкысы баарынын башында маданият деген нерсе байлап турат. Күчүӊ барда иштеп үлгүрүп алыш керек деп чуркап жүрөм. Жазында чыгармачылык кечемди өткөргөм. Буюрса жеке концертимди быйыл күздө же келээрки жазда берем.

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here