КСДП депутаты Рыскелди Момбеков 2-июнда Жогорку Кеңеште мамлекеттик маанидеги документтердин Кыргызстанда эмес чет жерде басылып жатышы боюнча далилдүү фактылар менен ачуу чындыкты айтты. Эл өкүлү өз сөзүндө акыркы төрт жылдан бери мамлекеттик маанидеги документтердин кайдан басылып, канча каражат жумшалып жаткандыгы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп, бирок этегине чыкпай же акыйкаттык таппай келгенине токтолду. Депутат болуп келген 2015-жылдан тарта ушул маселени көтөрүп, мамлекет өзүнүн мамлекеттик маанидеги документтерин өздөрү чыгара албай, башка бир чет өлкөлөрдөн бастырып жаткандыктан бюджет миллиарддаган каражат чыгымга учурап жатканын белгиледи. Буга байланыштуу 2015-жылы депутат Момбеков башында турган жумушчу топ түзүлүп, алты ай аралыгында аткаруу бийлигинен мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин ала албай койгондугунун билдирди. Негизинен 350дөй мамлекеттик маанидеги документ бар болсо, өкмөт 104 даана документтин түрүн ган берген. Алынган 104 документти жумушчу топ иликтеп-жиликтеп чыккан. Мындан улам Момбеков кайсы документтер, кайсы өлкөдө, канча каражатка басылып жатканын мисалы менен келтирди.

Мисалы, кадимки жарандык паспортторубуз менен улуттук валютабыз Африкада тагырагы Кенияда басылып чыгаары белгилүү болду. Ошентип мамлекеттик каттоо кызматынын паспортту “Деля Ру” аттуу компания Англияда басарын айтышканы жалганга чыкты. Аталган компаниянын башкы кеңсеси Англияда жайгашкан менен басмаканасы Африкада жайгашканы ачыкталды. Жылына жалпы жарандык паспортторубуз (айди кард) 500 миң тираж менен, 0,45 фунт стерлингден басылары, жылына 19 миллиард 800 миң сом сарпталары, чет өлкөгө чыгууда колдонуучу жарандык паспорт 400 миң тираж, баасы 2,10 фунт стерлингден жалпы 7 миллиард 392 миң сом жумшалган. Бул маалыматтар Мамлекетттик каттоо кызматынан алынган. Дагы белгилей кетчү жагдай Каттоо кызматы айдоо күбөлүгүн басып чыгарганга 7 жылдык мөөнөт менен тендер өткөрүп, “Атлас групп” деген компанияга берип койгон. Ээ кокуй бул эмне деген тендер, 7 жыл бою кан соргон. Керек болсо Англиянын арбитраждык соту да бузалбайт экен. Бул не деген шумдук. Мына ошол кан соргучтар өздүк баасы 4 евродон ашпаган эл аралык айдоо күбөлүгүн 7,5 евродон саткан, айырмасы 105 000 евро, убактылуу айдоочу күбүлүк 30 000 тираж, өздүк баасы 1 еврого жакын, ал эми бул шумпайлар 4 евродон саткан, тиражы 150 000 болгон техникалык паспорт өздүк баасы 3 евро, сатылышы 10 евро, айырмасы 1 миллион 70 миң евро, тех талон өздүк наркы 4 евро, сатылышы 10 евро, айырма 300 000 еврону түзөт. Бул бир жагы эле дагы өздүк карточка, окутуу күбөлүгү ж.б. жалпысынан 4 миллион 845 миң евро же биздин сом менен жылына 340 миллион сом, бир эле каттоо кызматынын тех паспорт менен тех талон боюнча өткөргөн тендердеги шалаакылыгынан мамлекет зыян тартып олтурат. Эмне биздеги басмаканалар эч кандай коргонуу даражасы жок документтерди баса албай калыптырбы? Албетте басмак, басканда да кыйла арзан басылмак жана дагы канчалаган миллиондогон каражаттар Кыргызстаныбыздын капчыгында калмак.

Негизи эле жалпы КМШ өлкөлөрүнүн баарынын мамлекеттик маанидеги документтерин баса турган улуттук басмаканалары бар, бизде жок. Биздин көзгө басар мамлекеттик “Учкун” басмаканасы бар, ал жерде төрөлгөн тууралуу күбөлүк жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк басылат. Болгону ушул экөөн кыргыз өкмөтү бере алат. Калгандары капчык кампайтмай.

Акциздик марка-Латвия менен Беларуссияда, валюта менен паспорт- Кенияда. Мына 3 миллион калкы бар Монголиянын өзүнүн улуттук басмаканасы бар, не биз монголдорчо жокпузбу? Кошуна казактарды алалы 1996-жылы Улуттук банкынын алдында улуттук басмакана ачып, өздөрүнүн улуттук валютасы тенгени, паспортун, акциздерин басып чыгарып атышат. Казактын теңгеси коргонуу даражасы боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Казак туугандар келип, тендерлерге катышат экен бирок утушпайт. Себеби алар башкалардай откат, тендер тең бер дегендерди беришпейт. Негизи улут болгондон кийин, улуттун коопсуздугу үчүн, улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгарышыбыз керек. Жылына 5-7 миллиард сом жогорудагы тендерлерге бөлүнөт. Ушул биздин паспорт, валюта, акцизибизди баскан басмаканалар 2 миллиард сом пайда көрүшөт экен. Ушулардын баарын өзүбүз бассак 2 миллиард со бизде калат эле да.

Мына ушундай мамлекеттик маанилүү документтерге байланышкан мафияны кандан-бектен кайра тартпаган Рыскелди Момбеков эч кимден коркуп, жалтактабай эле аки-чүкүсүнө чейин бирден санап, конкерттүү цифралар менен далилдеп айтып берди. Эми мамлекеттин жогорку сересинде отурган үлкөндөр тыянак чыгарып, тиешелүү чара көрүшсө болгону. Чайнап берген аш кылып, кыргыз эли, Кыргыз мамлекетине жасалып жаткан кыянаттыкты токтотчу бирөө-жарым чыгаар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here