Эң алгач кыргыз классикалык музыканын башатында турган Калый Молдобасанов,Мукаш Абдраев ошондой эле Власов,Ферелердин жолун улантуучу адамдар кимдер деген суроодон баштайлы…Албетте коомдун өнүгүүсүндөгү кризис бардык эле искусство тармагына зыянын тийгизбей коё алган жок деңизчи.Ошонун ичинде улуттук фольклордук музыка жана дүйнөлүк классикалык чыгармалардын окутулушу да чабал ахыбалга кейиптер болду.Эми ошол кризис маалында –ошол музыкалык окуу жайларды кимдер башкарып калды…чыныгы музыкалык сабаттагы уюштуручулук сапаты да бар,анан калса таза жана музыка дүйнөсүндө аттуу баштуу адамдар болсо гана ал окуу жайлар Кадимки Мукаш Абдраев,Калый Молдобасановдордун деңгээлиндеги музыкалык дүйнөнү сактап калып,аны андан ары байытуу менен өсүп өнүгүүсүнө кесипкөйлүк менен кам көрүлмөк…Бирок биз баш баккан Шубин музыкалык мектебинде абал такыр башкача экендигине көзүбүз жетти.Бул окуя ошол эле мектептин жакшы эле окуган эки кыздын директор Абдуллаев менен анын орун басары Хорошеванын алган экзаменинен кийин биринин эси ооп,бири мен бул жаман мамиледен кийин “жашагым келбей жатат” деген сөздөрүнүн себептерин изилдөөдөн башталды…Мен ушул жагдайда сүйлөшүү үчүн Шубин музыкалык мектебинин мүдүрүнө шашылып кирген мезгилде Абдуллаев менен ошол орун басары Хорошева олтурган экен…Ортолорунда үйүлгөн банкноттордун үймөгү ,кадимки ишканалардагыдай бухгалтер приход,расход дегенди толтуруучу кагаздар көрүнбөйт…Тек гана Абдуллаев Хорошевага бир тутам акчаны карматып жатыптыр…Мен ошондо гана бул музыкалык таза дүйнөнүн окуу жайы эмес экендигине биринчи жолу шектене баштадым… Ошол эки кыздын мектеп экзамендери менен кошо музыкалык мектепте да сыноо башталып,жаш окуучулар бир аз нагрузкага чыдай албай жатканын,буларга педагогикалык жактан колдоо көрсөтүү керектигин айтканымда Хорошева –жок аларды күзгө чейин калтыраарлыгын жана керек болсо отчисление кылаарын айтып коркута баштады..Мен аларга анда эмне учун ал эки кыз бири жалаң бешке тапшырып келген дагы бири өз классында биринчи орунду алчы эле дегениме Хорошева уккусу келбей башын чайкап мулжуңдады…Мына ушундай маммиледен кийин аргасыздан ал эки “педагогду”кесибиме байланыштуу  оперативдик изилдөөгө мажбур болдум…Көрсө жанагыл үйүлгөн купюралар ар жыл сайын ар бир окуучудан эч кандай түзүлгөн фонду, ата-энелердин толук макулдугу берилген чогулуштун протоколу  жок эле Адуллаевдин жеке буйругу менен эле (Абдуллаев 12 жылдан бери мүдүр)чогула берчү акчалар экен…Муну ал кыздардын энелери корккондорунан аталарына да айтышпаган экен…Себеби алар суроо салып койсо эле Хорошева корулдаган үн менен же экзаменден кулатып,же контракка котором деп күпүлдөйт дешет мен маектешкен ата энелер…Мунун да себеби бар экен, Хорошеванын атасы бир заманда Маданият министринин төртүнчүбүү,же бешинчиби замы болуп туруп,ал кездеги жылма протекциянын жардамы менен туболукко кызына кызмат берип кеткен экен…Ошондуктан Хорошева өзүнүн көнүп калган “вотчинасында” өзүн канышадай эле сезип,жазылган арыздарды деле атасы уйроткон ыкма менен шапа шуп эле жаап келген экен…Ал түгүл арыздар Маданият министрлигине түшөөр менен Хорошева өзүнө преданный мугалимдерге ак барактын алдына кол койдура баштайт экен…Анан жогорку ачык жерине өзүн аябай мактатып туруп, аталган министрликке алып барып тапшырып коёт тура…Ал жерде дагы Хорошеванын “колдоочулары” бар окшойт…Ишти тез эле бажарышып,Хорошева –хорошая болуп эле кала бергенине “нечен кылым” өтүптүр.

Эми  музыкалык мектептин мүдүрүнүн акыл-эс профессионалдык сапаты деле чыныгы искусствонун  адамдарына анча коошпойт, айрыкча Мукаш Абдраев,Калый Молдобасановдордун жанына жолотууга болбостугун анын Ак-Өргөдөгү “Кара-Коо” көчөсүндөгү №101 дарегине салып алган үйүн көргөндө эле ачык айтууга болот..

Директор Абдуллаевдин үйү

.Анткени Абдраевде бир топ жыл, ал эми Шубинде 12 жыл мүдүрлүк кылып келсе,анан ошол Абдраевдин ачка балдарынын каражаты,Шубиндин тигил Хорошева чогултуп берген тыйын чакасы кайда кеткенин даана байкоого болот эле…

Баарынан кызыгы биздин колубузда врач-фтизиатр Жанабилова,Теңирбергенованын жана директордун орун басарынын катышуусунда түзүлгөн актыда Абдуллаевдин андай жаш окуучулардын арасына иштоого болбой тургандыгын айгинелеген диагноз(туберкулёз) жазылган экен…Ага болбой эле Абдуллаев жыл сайын узак мөөнөттөргө дарыланганы менен ооруганы тууралуу тиешелүү кагаздарын тапшырмак түгүл,жаш балдар менен иштөөгө берилчү “допускту” дагы он жылдан ашык убакыт албагандыгы аябай .кооптондурат..

Жана дагы 2006-жылдын октябрынан баштап ал диагноз менен интенсивдүү дарыланып келгенин жана айрым жылдары жылдап дарыланганын күбөлөндүргөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана  коллективдин арыздары жүрөт…Бул кандайча өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна кооптуу жагдай он жылдан ашык уланып келе жатканына кызыгып көрдүк…Көрсө Султан Раев министр болуп турганда ага жазылган арызды окуп туруп: Бул киши менин акам болот,бул киши оорубайт андай ооруу менен,азыр кимдин доору ушуну унутпагыла силер деп, ошол кезде арызданган мугалимдердин , ата-энелердин жаагын жап кылганын кеминде он киши кайталап айтып беришти…Андан кийин Султан Раев акасин №4- бийликтин кызматкерлеринин атайын дарылоочу жайына которуп туруп,ал жерден өздөрү каалагандай кылып фальшивый справка беришкенин ондогон профессионал педагогдорунун колу коюлган арыздар тастыктап турат…Таң калыштуусу ошол жылдары Абдуллаевге окшогондорду ишин “оңдой берди” болуп,Искусство менен маданият тармагын Нур уулу Досбол, Султан Раев,Ибрагим Жунусов,Камила Талиева,Нурлан Шакиев,Исрадин Аманбаевдин(Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин мүдүрү) башкарып калуусун мен маектешкен профессионал композитор педагогдор кадимки дамбылда Үсөн Сыдыков менен Бакиевдин командасынын  жердешчилик“иш билгилиги” менен байланыштырып,ачык айта албай кыйналып жатышты…Мени да аябай таң калтырганы Камила Талиеванын кайсы искусствого сиңген эмгеги болду экен жана эмне үчүн эле Үсөн Сыдыков менен Баиевдин бийлигинин тушунда бир эле региондо искусствонун мынча мыкты адистери пайда боло калгандыгы болду…Мен аларга жок дегенде жалпы кыргыздын сүймөнчүгү Рыспай Абдыкадыров,Жолболду аке,Жолдошбек Мамажановдордун ошол кызматтарда болушу жалпы элди кандай жабалактап сүйүнтүшмөк эле дегенди да өкүнүү менен айтып жиберишти…Бакиевдин деле, Сыдыков аксакалдын деле искусство жагынан “вкустары” өтө төмөн болгонун алигүнчө айтып келишет экен…Менимче искусство тармагына жалаң “Андижанская польканы” катыра бийлегендерди гана ала берген го деген да ой келип кетти,себеби ал киши аянтта ошол бийди эзип бийлебеди беле…

Демек жаңы келген маданият министри жалпы элдин кайсы аймагынан кадр шайлабасын кичине шыктуу персоналдарды,мыкты уюштуруучу музыканттарды  шайлоого аракет кылат деп умут кылгандай ойлорду да айтып жатышты.Профгодности эске албай баш аламан жердешчиликти курал кылып Султан Раевдик критерий менен ал кызматтарга дайындоо Абдылас Малдыбаев,Фере,Власовдор, Улуу Током  топтогон профессионалдуу жана улуттук фольклордун коммерциялык багытка түшүп кетүүсүнө жол ачып,жалпы элдин музыкалык маданиятын жабырланууга дуушар кылаары шексиз экендиги даана байкалат,Себеби Шубин музыкалык мектебиндеги эле ар жыл сайын 700-1000ге чейинки окуучулардан эч кандай официалдуу уруксаты жок ата-энелердин катышуусу менен талкууланбай эле, жок дегенде акча алгандыгын күбөлөндүргөн корешок берилбей,ремонтко деген шылтоо менен  500 сомдон акча чогултулушу мына ошол Үсөн Сыдыков менен Султан Раевдин тикелей наследиеси экендигин тастыктаган далилдерди табуу укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнө кыйынчылык туудурбасына ачык эле көз жетип турат…Далил катары ошол акча чогултууну алар танып кетпегидей кылып оперативдик жол менен видеого да түшүрүп койдук…

Ушул макала жазылып жатканда беш алты педагог келип Япон гранты аркылуу келген эки ак Роялдын ( ар бирини баасы 80 миң доллар)бирөө темир жолдон түз эле  Султан Раевдин короосуна ,экинчиси Адбуллаевдин үч кабат үйүнө түшүрүлгөнүн жана аны орноткон “настройшиктин” көрсөтмөсү бар экендигин да аябай кейип-кепчип кеп кылышты…Султан Раевдин кылган иштерин-жеген ичкенин( ушулардан кийин) бир жыл бою Айбек Шамшыкеев жазган фактыларына таянсак алардын бардыгын чындык экен деп ишенүүгө болоор эле…

Эми жаны келген министр жерине карабай өзү ээрчип чоңойгон Рыспай Абдыкадыровдой,Жолболду Алыбаевдей, жок дегенде Жолдошбек Мамажановдой талантуулардын ичинен уюштуруучулук да жөндөмү барларды кызматка коюусу жалпы музыка дүйнөсүнө жана элдин маданий туура тарбияланышына таасири талапка ылайык болоор деген ойду айтмакчыбыз. Эми Түкөм (Казаков) жанагы Улутман берүүсүнө караганда калыстыкты как жарган мүнөзү менен мунун баарын оңдойтко…деген ой менен макалабызды аяктайлы…

Ата-энелердин атынан  Ахунбай Кошоев

Юрист, КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here