Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу.Биздин  кезектеги каарман жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат.Айзаданын  абалына карата ой-пикириңиз болсо бөлүшө кетүүнү унутпаңыз.

Саламатсызбы окурман, “Чагылган” сайтынын өзүмө окшош адамдардын тагдыры тууралуу жазганын окуп, мен дагы өзүм тууралуу жазууну туура көрдүм. Анда кеп башынан болсун.

Менин атым, Айзада, уй- бүлөөдөн 2 иним анан мен болуп 3 бир тууганбыз. Ата-энем бизди эч нерседен кем кылбай чонойтуп, бактылуу балалык тартуулап өстүрүштү десем жанылбайм. Апам дайыма жумушта болгонгобу, мага анча деле энелик тарбия берилбегендей сезилчу. Убакыт өтүп 8- класстан кийин атайын күчөтүлгөн окуу жайга отуп 11 классты ошол жактан бүтүрдүм. Эл катары ОРТ тестин тапшырып, борбордогу алдынкы окуу жайга өтүп, бюджеттик негизде окуп калдым.

Окуумду калтырбай жакшы окудум, студенттик күндөрдө ар кандай окуяларды баштан кечирдим,көптөгөн жигиттер ашык болду. Окуумду бүтүрүүнү максат кылып көп деле жигит менен сүйлөшпөдүм.2-3 кыз болуп батирде чогуу 5 жыл жашадык.

Аял киши табийгатынан материалдык байлыкка жакын болобузбу, айтор чогуу жургон кыздардын көбүндө колунда тыйыны бар, жумушу бар, ата энесинен алыс жашаган жигиттерге болгон кызыгуу болоор эле.

Ошолор сыяктуу мен дагы болочок күйөөм мени бактылуу кыла алгандай болсо деп кыялданчумун. Кундордун биринде Бектур деген өзүбүздүн райондук бала менен тааныштым, бир көргөндө аябай тамашакөй, жагымдуу корунгону менен мага анчейин жага бербеди. Ал дагы артымдан калбай ээрчигенин койбоду, акыры ага жолугуп жүрүп көнө түшкөнүмдү сездим.

Каргашалуу кун.

Бир куну эжемдин үйүнөн келе жатсам чалып калды, азыр барам унаа менен жеткирип коём батириңе деп эле заматта жетип келди. Унааны катуу айдап бат эле шаардын кичи райондоруна кирип бардык, күн кеч киришине аз калган, ал мага шашылыш туруп, кечинде конокко барам, ресторанга кийчу кийимим даяр эмес үтүктөгөнгө жетишпей жатам, уяттуу жерден кеч калбайын, жардамдаша кой деди. Мен дагы оюмда эч жаман нерсе жок макул деп үйүнө кирдим. көйнөгүн үтүктөп турганда эле, ал артымдан келип кучактап, эринден өпкүлөгөнгө өттү, канчалык каршылык көрсөтсөм да алсыздык кылып алдында жатып бердим. Ошентип балалыгымды Бектур талкалады, эмнегедир өзүмдөн өзүм жийиркендим, өкүндүм. Ал болсо мени алаксытып, сооротуп мага үйлөнөм деп коногуна кетти, мен жолдон тушуп калдым.

Ал кун менин жашоомду талкалагандай эле болду, тамак жегени дарманым жок, сабака баргым келбейт, ата энемдин мен жөнүндөгү кыялдарын, максаттырын ойлоп кундо ыйлайм. Бектурду каргап, шилтегеним менен анын уйуно барган өзүмдө да күнөө бар. Ал болсо уйлөнөм деп чалып да жүрдү, кийин телефон номеримди өзгөртүп андан алыстадым.

Жашоо отуп жатты, окуумду да буттум. Шаарда бир мамлекеттик органгажумушка орноштум. Апам болсо мени турмушка чыгуум тууралуу акыркы кездери көп айта баштаган, бирок менин ичимдеги койгойумду өзүмдөн башка эч ким билбейт эле. Макул деп убакытты создуктурам. Ойлонсом өзүм деле жашым келди, сулуулугум деле бар. Акырын жигит менен таанышайын деп катуу чечтим. Ичимдеги көйгөй тууралуу убагы келгенде жолун табармын деп ойлоп койдум.

Бир куну көчөдөн баратып курбу кызымдын агасы Нурланды көрүп калдым. Нурлан мурда мага кызыгып, мен жөнүндө сураштырганын курбу кызым айтып калчу. Ал күнү шашкалактап атып телефон номерди гана алмаштык. Ошол эле куну ал мага чалып көпкө сүйлөштүк, ал тамашаны да,  какшыктаганды да кээде окшоштуруп суйлоп коймой адаты бар эле.

Көп жолу жолугушууга чакырды, а мен болсо ичимдеги көйгөйүмдү ойлоп өзүмдү жеп гана качып журдум, акыры турмушка чыгуу керек, жок дегенде сырдашып Нурландын кандай адам экенин билуу учун жолуктум. Бир куну шаардын сыртына чыгып тамактандык, ошол кезде шашылыш эле, Нурлан:

— Айзада, жаштыгыбыз деле калбады, сени жакшы көрөөрүмдү билесин, сен жөнүндө карындашым көп жолу айткан,  убакытты көпкө созбой, каршы болбосон бирге бололу деп кыска анан  жөнөкөй эле айтып койду.

Ойлоп көрсөм жаман деле бала эмес, туугандарын да билем, ойлонбой туруп убакыт беруусун отундум. Ошол кундон баштап ал мага көп чалып, жумуштан кийин тез тез жолукчу болдук.

Менин макул болгонумду айтпасам деле тушундубу, айтор шашылыш эле ата энесин кудаа тушууго жонотом, кабар берип кой деди. Апама айтсам келе берсин деп макул болду.

Ошентип той боло турган болуп даярданып Нурланга турмушка чыгууга камдандым.  Баары эле ойдогудай болгону менен көңүлүмдө жанагы көйгөйүм тынчтык бербейт.

Нурлан болсо шаштырып эле эч нерсени уккусу келбейт. Нурлан 30 га жакындап калгангабы, өзүмчө ойлоп коём Нурлан маани деле бербесе керек деп.

Ошентип той куну да жакындады, кыргыздын канга синген салты боюнча да, анан кыздын таза келгени бул төркүнүнүн, өзгөчө менин апамдын жүзү деп билчүмүн. Ошентип тойго 3 кун калганда ‘кыздык’ тиктирууну чечтим. Баары жайында, эми той мен пландагандай тынч отсо бактылуу болом деп ойлодум.

Эл катары ресторанда той болду,келген конокторду көрүп сүйүнгөнүм менен ичимдеги арам оюм үчүн кайгырып жаттым. Той да бутту, баары тарады, эми чыныгы сыноо, өмүрүм учун өтө маанилуу убакыт алдыда турду.

Ошол айларда күттүрүп  жаабаган нөшөрлүү жаан той бүткөндөн баштап жаап кирди, жаратылыш дагы мени жек көргөндөй сезилип жүрөгүм калтырап жатты. Ошентип Нурландын унаасы менен ата энесинин уйуно жаны келин болуп жеттим. Мен барганда женелерим да барышып салт санаасын жасап жатты. Тан атаар болуп калганда саатты бир карадым, саат 04.00 отту, Нурлан тойго даядранып уктабадым чарчадым деп нике түнүнө көңүлү жок киргиси келбеди,  а мен шаштырып бүгүн сөзсүз жатышыбыз керек экен, жеңелер айтты деп коём ичим бышып.  Ошентип биринчи нике туну женелер айткан эреже боюнча артисттин ролун аткарып экзаменден өтуңүп койдум. Нурлан ак шейшепке чачыраган кызыл тусту коруп, жылмайды да озуно тарта кучактап рахмат деп, жузумдон суйүп койду да уктаганы киришти. Ал куну тан атканча уктабадым. Оюмда баары артта калгансыганы менен кылган жалган ишиме кейип жаттым.

2-3 күн өтүп баары жолго тушө баштагандай сезилди, ичимден сүйүнүп коем. Бир куну кезектеги жубайларча жакындашуудан кийин Нурлан бир нерсени шекшиди, мени башкача коз менен карап асманды тиктеп көпкө жатты, мен болсо ичимден ыйлап баштадым.

Нурлан:

— Айзада, менин козумо тике карачы, — деди үшкүрүнө, мага эч нерсе айткын келбей элеби деди корс тийип.

-Жок, эмне болду деп сыр бербеген тур көрсөттүм. Нурлан өзү  күч органдарында иштеген учунбу, шек санаган нерселери дайыма туура чыкчу.  2 кун айт деди, анан акырын өзү суроону кабыргасынан коюп мени тирүүлөй союп баштады. Ар бир фактыны келтирип жатып алдаганымды мойнума алдырды. Мына ошол күндөн тарта жашоом тозоко айланды. 3-4 жылдан бери жашайбыз, бир көңүлүмдү көтөргөн сөз айтпайт. Адам катары да корбой калды. Аракеттеримди байкабайт, үй бүлөөм үчүн күрөшөйүн  десем да киши ордуна коргусу келбейт.

Ишенесизби окурман, жалгандын арты кууш экенин чындап түшүндүм, сездим. Качан жооп бере коёт деп коркуп жүрүп көнө да туштум,  баягы Нурлан жок. А мен эч нерсе дей албайм, тилим кыска,  өлүп калгым гана келди.

Күндөр өтүп турмушубуз уланып жатты, 2 жылдан кийин кыздуу болдук. Нурлан кызына гана карап жылмайбаса менин бар жогумду байкагысы келбейт.

Мага сенин кыздыгын маанилуу эмес эле, мени эмнеге ошентип алдадын, билесинби менин сезимимди, ишеничимди талкаладын дейт. Ойлосом ар бир сөзүндө жан бар, бирок ошол кезде башка айла аргам жок эле.

Мен аялмын, күйөөмдун кучагында эркелегим келет, ал мени эркелетмек турсун баасыз буюм катары көрөт. үй бүлөөмдү сактап калуу үчүн күрөшкүм келет, кызым атасы жок өспөсүн дейм, бирок мени адам катары да көрбөй калган күйөөм менен кайдагы жашоо дейм. Мени адам катары көрбөсүн жашырбайт. Мен ойлоном ошол кыздык учун ушундайсынбы десем, балалуу болуп келсен да мени менен ачык болсон баары башкача болмок деп коет.

Урматтуу окурман, башым катып жүрөгүм ооручу болду. Кетейин десем кызым менен мындан артык кайсы куйөөгө тием, ким мага жакшы күйөө болуп бермек эле?

Келечегим караңгы, болгону ошол жаштык катачылыгым учун. Кыздар өлүп баратсанар да мындай кылбагыла. Абийирнерди сактагыла. Ар кимдин тагдыры оз колунда экен. Ошондуктан кыздар абийиринерди жаш кезинерден сактагыла, күйөөңөр менен ачык болгула. Алдабагыла…

Айзада

 Эскерте кетсек бул маалымат чагылгандын “элдик кабар” рубрикасына Айзаданын өзүнөн вотсапп аркылуу келген. Андыктан жөн гана чыгарма деп ойлобоңуздар.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here