Жакында үйүмө чакырылбаган бир конок келди.

— Тоскоол болбоймунбу?

— Сен тоскоол болбой турган учур да болмок беле?

— Ырас, менин келгениме эч ким кубанбайт, — деди менин коногум, — бирок айла жок, өзүм эшик чертип: «Убакыт келди! Экөөңдүн бирөөңдү: же сени, же аялыңды алып кетишим керек. Өзүң танда», — деп айтууга туура келет.

— Кулак салчы, өлүм, — дедим мен. Аялы үчүн өз өмүрүн бербеген күйөө болмок беле. Эч ким өлгүсү келбейт дечи, бирок мен аялымды сүйөм, экөөбүздүн бирөөбүздү сөзсүз алып кетишиң керек болсо, анда мени алып кет, аялым өмүргө тое элек, жашоодон кубаныч ала турсун.

— Сен ойлонбой сүйлөп жатасың, — деп каршы чыкты менин коногум, — тандоо оңой эмес. Өлгөн адам үчүн жеңил. Ал жердеги түйшүктөн кутулат. Бүгүн сага убайым жедирген: жашоо үчүн күрөш, кошуналарың менен болгон талаш-тартыштар, карыздар, карылыктан коркуу, кандай болуп кетет деп чогултуп койгон акчаңдын жетер-жетпесин ойлоп сары санаа болуу, жетекчинин көңүлүнө жагуу, коллегаларың менен болгон проблемалар, ушунун баары артта калат. Өлгөн адамга дайыма жакшы. Ал үйүнүн сыртындагы ызылдаган бурганактуу бороонду укпайт, жерди каптаган ташкынды көрбөйт, кайгылуу кабар алып келчү кат да аны капалантпайт, бут кийими бутун кысып оорутпайт, тиши ооруп кыйналбайт, ал толук эс алып бүт түйшүктөрүн унутат.

— Бул сенин оюң, — дедим мен. – Алып кете турган адамдарыңды сооротуу сенин милдетиң эмеспи. Бирок өзүмдү мисалга ала турган болсом, жүрөгүмдө коркунучка караганда үмүтүм күчтүү. Арам оюм жок эле андан мурун кетким келет, анткени мен аны сүйөм, анын жерде дагы жашай турушун каалайм.

Өлүм мени тигиле көпкө карап турду. Бир маалда анын жүзүнөн жакшылыктын жылуу учкуну жылт эте түштү.

— Сен аялыңды сүйөсүң. Мына ошондуктан чечим чыгарардан мурун жакшылап ойлонсоң болмок. Ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөсүңөр, отуз жылдан бери чогуу жашап, бири-бириңерге жардам берүүгө даярсыңар. Бардык нерсени тең бөлүшөсүңөр. Ошондуктан көз жумганына караганда, тирүү калган жубайына дайыма оорураак болот. Сен мага ишенбей турасыңбы? Аялыңдын андан аркы жашоосу кандай болорун элестетип көрчү. Анын жүрөгү талкаланган. Ал жашай берет дечи, бирок мурда экөөлөп көтөргөн түйшүктөрүңөрдүн баары эми жалгыз анын мойнуна түшөт. Сен жанында болбогондуктан, анын жашоосу оорлойт. Ал азиз адамдай болуп, ар бир ташка мүдүрүлөт. Анткени сен анын жолунан ташты алып кое албайсың. Анын көз жашын эч ким аарчыбайт. Сейилдеп жүргөндө, ар бир ырды укканда, сени эстеп, анын жүрөгү эзилет. Ал тургай, жалгыз өзү үчүн дасторкон жайганда, сен кармаган кашык да анын жүрөгүн жаралайт. Ал жалгыз калат. Сенин досторуң аны таштап кетишет, анткени алар жалгыз калган түгөйгө кандай мамиле кылууну билишпейт. Ага барбаш үчүн орундуу себептерди издеп, актанышат. Майрам күндөрү бул сөздөрдүн ага кандай катуу тиерин ойлонбой туруп, «Майрамды жакшы тос» — деп, каалоолорун айтышар. Сенин аялың чыкылдаган саатты тиктеп,отургучта жалгыз отурат. Үйгө эч ким: сен да, мурдагыдай сени сурап келип калчу башка бирөө да келбейт. Ал эринин бек кымтып, жалгыз отурат. Сага кыла албаган жакшылыктарын, аял кылып алгандыгың үчүн, жакшы күйөө болгондугуң үчүн сага бир да жолу ыраазычылык билдирбегенин эстейт. Айтылбай калган сүйүү сөздөрү үчүн өкүнөт, көңүлү чөгөт. Ал сени күттүргөн баягы мүнөттөр үчүн ачууланат, анткени азыркы мүнөттөрдү текке кеткен сан жеткис мүнөттөрдөй кабыл алат… Акылынан адашып, ал өзү менен өзү атүгүл үстөл менен, отургуч менен сүйлөшө баштайт,анткени жүрөгүндөгүнү башка кимге төкмөк эле. Ал төшөгүнөн да тургусу келбей калат, анткени аны күткөн, ага муктаж болгон эч ким жок.

— Айтчы, сен чын эле аны ушундай кыйноого салып таштап кеткиң келеби? Мен өлүмдүн колун кармай калып:

— Жок! – деп кыйкырып жибердим. – Ал минтип жашабашы керек. Мен аны өзүмдөн артык сүйөм. Андан көрө, ошондой абалда мен жашайын, аны алып кет. Ал үстүнкү кабатта уктап жатат, ал бүгүн аябай чарчады.Ойготпой, акырын алып кет, Кудайдын даңкына чулганганда гана көзүн ачсын. Ага чейин ойготуп жибербе, болбосо ал мени ойлоп кабатырланат. Өлүм убада бергенин билдире башын ийкеп, тепкич менен өйдө жөнөдү.

— Жок! – деп кыйкырдым мен кайра. – Ага тийбе! Же мени ал! Мындан ары анын үнүн, үйдө нары-бери баскан дыбышын, эртең мененки тамакты даярдап жатып идиштерди калдыратканын укпай кантип чыдайм. Дасторконго жалгыз отуруп, ансыз тамак иче албайм, анын демин укпай төшөктө жалгыз жата албайм. Бул дүйнөдө ал жок болсо, мен кантип кубанмак элем. Бөлмөдөгү ал отурган орундук бош калат, ал илип койгон чапанын кийбейт, эшиктеги жума сайын тазалачу тактайча да тазаланбай калат. Тирүү кезинде үтүктөп койгон көйнөгүм,шымым, сыйынуу үйүндөгү экөөбүз чогуу отурган орундук… Ушунун баарын кантип көтөрөм? Канча нерсени кылбай калганымды ойлой берип, акылымдан адашып каламбы деп корком. Канчалаган жагымдуу сөздөрдү айтпай калдым, канчалаган жакшылыкты кылган жокмун. Аны менен сүйлөшүп отургандын ордуна эмне үчүн интернеттен чыкпай телефонго алаксып, газета окуп отуруп алдым экен! Аны эмнеге карап отурбадым экен, ал абдан сулуу эмес беле!Ал мага жакчу, бирок акыркы жылдары бул жөнүндө ага бир да жолу айткан эмесмин!“Жанымда жүргөнүңө ырахмат, мага турмушка чыкканыңа ырахмат, сени биринчи сүйгөндөгүдөй, азыр да сүйө алам, ырахмат!”, — деп, ага эмне үчүн бир да жолу айтпадым экен. Мага өз өмүрүн арнаганы үчүн, мага чыдаганы үчүн, мени дайыма жылуу караган көз карашы үчүн, жүрөгүнүн тереңинен чыккан жылмаюусу үчүн бир да жолу ыраазычылык келтирген жокмун. Өмүр бою эч ойлонбой туруп айткан “менин аялым” деген сөз бардык тилдердеги эң сонун сөз экенин азыр билип жатам. Сен аны алып кетерден мурун, мага дагы үч күн, бир эле жума убакыт берчи. Мен кетирген катачылыктарымды оңдоп алайын.

Ошондо өлүм тепкичтен түшүп, босогого келди.

— Мен китебимди карасам, үй номерин алмаштырып алыптырмын. Силер менин китебимде бир нече беттен кийин жазылыптырсыңар. .. Айып көрбө, досум. Анан айтар кеңешим: мен экинчи жолу келгенче, убактыңды текке кетирбе. Анткени мен келгенде, отуз жылдын аралыгында кетирген кемчиликтериңди оңдогонго сага үч күн эмес, үч мүнөт да бербеймин.

БАШКАГА СУНУШТАГЫЛА

Булак: Интернет

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here