Чагылган: Саясатчы Темир Сариев бүгүн Дасмияда республикалык  «Бирге» аттуу жаштар форумун өткөрдү. 7 дубандан келишкен жаштардын  Сариевге берилген ар кыл суроолору абдан көп болду. Темир мырза, бирин да жоопсуз калтырбай, жан дили менен жооп берип жатты. Саясый, экономикалык багыттардагы суроолордон тарта үй-бүлө, балалык сүйүү тууралуу да суроолор берилди. Маселен, жаштар Сариевге балаык сүйүү, деги эле сүйүү тууралуу айтып беришин суранышты эле, Темир мырза, буга чейин ачык айта элек балалык сүйүүсү тууралуу ыймандай сырын төмөндөгүдөй ачыктады:

Сүйүү деген — бул ички сезим, ички махабат! Бул өзүнчө бир симфония! Мен 1973-жылы 10 жашымда Чыңгыз Айтматовдун «Атадан калган туяк» деген чыгармасынын негизинде тартылган киного тартылдым. Ошол убакта «Уркуя» деген кино чыкты. Анда кыргыз киносунун жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева башкы ролду аткарган. Ал актриса эжебиз да биз тартылып жаткан киного келип, тартылды. Ошондо менде биринчи сүйүүм пайда болгон. Мен муну эч качан унутпайм...

Сариевдин бала кезде катышкан кинодогу кадрдан бир элес…

Мына чоң саясатчынын ыймандай сыры.  Туура, ал кезде Таттыбүбү эжебизди балалыгы менен сүйбөгөн адам калбаса керек. Себеби, чыгаан актриса эжебиздин чексиз сулуулугу менен жаш сүйүү деген эмне экенин толук аңдап биле элек балакайлардан тартып, турмуштан далайды көргөн  жашы бир топ улууларга чейин тартып турганы талашсыз болгон десек болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here