Каракол шаарында спортчулардын катышуусунда массалык мушташ болду. Turmush басылмасына маалым болгондой, алардын арасында олимпиадалык резерв боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн облустук спорт мектебинин азыркы жана мурунку тарбиялануучулары жана машыктыруучулар бар.
Айрым маалыматтар боюнча, мушташкандар эки тарапка бөлүнүп, бири спорт мектептин учурдагы директору Алим Молдобековду колдосо, экинчи тарап ага каршы чыгышкан. Ал эми, А.Молдобеков эмгек өргүүгө кеткенде жетекчинин милдетин аткарууну машыктыруучулардын бирине калтырган. Бул көрүнүш айрым машыктыруучуларга жакпай, пикир келишпестиктер жаралган. Бул чырга Караколдун чет тарабында жайгашкан Жаңы-Арык айылындагы спортчулар дагы аралашкан.
.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here