КСДПнын олуттуу сүйлөп, олутту маселелерди көтөрүп,  байларга окшоп анчалык байлыгын манчыркабай эң эле жөнөкөй жүргөн депутаты Осмонбек Артыкбаев айрым депутат кесиптештерине окшобой, элине пайдалуу эмгекти жасап жүрөт. Айтсак, Осмонбек Артыкбаевдин колдоосу жана Жаш дарыгерлер ассоциациясынын президенти Элзар Токтоназаровдун демилгеси менен Токтогул шаарчасында Телемедицина (санавиация) борбору ачылды. Эми жергиликтүү тургундардын райондун борборуна келип отурбай, өз айылында дарылануусуна мүкүнчүлүк түзүлгөнү белгилүү болду.

Учурда Токтогул районуна караштуу баардык айылдын тургундары акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Ондон ашуун дарыгер өз кесиби боюнча бейтаптарды текшерип, аларды жеринен дарылашууда. Ал эми абалы оор сыркоолор борборго жөнөтүлөт. Жергиликтүү тургундар мындай усул кыйла натыйжалуу жана ыӊгайлуу болуп жатканын белгилешип, депутатка ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Осмонбек мырзадан мындай жакшы саамалыктарды дагы да күтсө болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here