Чагылган: 31 жаштагы адам оң бутуна татуровка жасатат, «Иисус — моя жизнь» — деген сөздү кошо жаздырып. Денесин ийне менен тешкилеп, татуровка кылдырган соң, ден-соолукту сактоо үчүн атайы эрежелерди сактоо зарыл. Эң биринчи эреже- тешилген денени сууга тийгизбөө керек. Ал эми  Девид (аты өзгөртүлгөн)  ал эрежелерди сактаган эмес. Татуриовка кылдыргандан 5 күн өткөн соң, Мексика булуңуна  барып сууга түшүп, каалашынча эс алган. Ошондон үч күн өтпөй Далластагы  ооруканага өзүн абдан жаман сезип, жатып калган. Аны дарылган доктору Николас Хендрен татуриовкадан кийин эрежелер сакталбагандыгын, организмге аз эмес инфекция кирип кеткендигин айткан. Ал жигиттен  Vibrio vulnificus аталышындагы бактерия табылган. Бул бактерия менен АКШда адатта жыл сайын 800 миң киши ооруп, анын 100ү каза табат. Девид алгач айыга баштаган. 18 күндөн кийин, жасалма дем алдыруу аппаратын колдонбой калган. Бирок эки айдан кийин, септикалык шок болуп, каза таап калган. Маалымат катары айта кетсек, аз күн мурун Москвадан Өзбекстандык 20 жаштагы кыз чачын боёткондон кийин, көп өтпөй казаа таап калганОшондуктан, мындай нерселерден сак болуу керек. Негизи, Кудай берген дене, чач менен эле жүрүү зарыл, аны ар нерсе кылып өзгөртпөй…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here