Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн июнь айындагы рейтингинде бир сапка жогорулап алдыңкы үчтүккө кирди.
Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан кыз март айындагы рейтингде 4-орунду ээлеп келген. Спортчунун Азия чемпионатында жана Ислам тилектештик оюндарында алтын медалга ээ болушу бир сапка өйдө жылуусуна өбөлгө болгон. Биринчи орунду мурдагыдай эле Олимпиаданын жеңүүчүсү япониялык Каори Ичо ээлеп турат. Экинчиге март айындагы рейтингде үчүнчү сапта турган тунистик спортчу Марве Амри көтөрүлгөн. Ал эми буга чейин экинчиде турган россиялык спортчу Валерия Коблова-Жолобова төртүнчү орунга түшүп калды.

Булак:sputniк

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here