Түштөн кийин бармагын тиштеп, кылган кылык­жоруктарына кейип­ кепчигендер арабызда көп. Жашоонун коко тикендүү жолунан буйтап өтө албай арман кылган кыздын баяны.
Анча ­мынча жигиттерди көзгө илбеген керме каштардын бири элем. Артымдан чуркаган жигиттердин шагын көктү тиктеп, мурун чүйрүп сындырып койчумун. Ошондой күндөрдүн биринде сүйүүгө кабылдым. Математика сабагы боюнча шаардан бизге Талип аттуу практикант агай келди. Мурда сөз айткан жигиттердин алдында өзүмдү жогору сезсем, агайдын алдында
берген суроолоруна жооп бере албай тердеп ­кургап, уялчаак кызга айлана түшөм. Бир күнү курбуларым менен мелдеше кеттик. Алар эгерде мен агайды өзүмө багындырсам, узун чачтарын кестиришмек болушту. Ал эми мен жеңилсем, айылдын эң мыркынбайы деп аталган Мадыл менен жүрмөй болдум. Ичимден “баары бир мен жеңишке жетишем ”- деп, болгон
аракетимди жасай баштадым. Агай айылдын четкерээк жагындагы үйдө турчу. Кечкисин терезесинин алдына коюлган столдо улам көчөнү карап коюп, түн бир оокумга чейин китеп окуйт. Бир күнү ата­энемден “курбу кызымдыкына барып чогуу сабак даярдайбыз” деп суранып, китеп­ дептерлеримди көтөрүп алып агайдын үйүн көздөй бастым. Агай менин күтүүсүздөн келип калышыма апкаарый түштү.

– Саламатсызбы, сизден бир теманы жакшылап түшүнүп алайын дедим
эле…

–Ой, Айжамал, тынччылыкпы? Кир, өйдө өт. Кайсы теманы? Сабактан
түшүнбөй калдыңбы?

– Ооба. Мектептен сүрдүү көрүнгөнү менен, агай жөнөкөй эле экен.
– Кана, кайсы теманы түшүнбөй калдың?
– Мм… бүгүнкү теманы.
Агай өзүнүн китебин алып, столун мага жандай коюп түшүндүрө баштады. Кулагым дүлөй, агайдын илебине мас боло түштүм. Бир кезде “сен эмне бир чекитти карап катып калдың, мени угуп жатасыңбы?” дегенде гана селт эте түштүм. “Ойлонуп кетиптирмин” деп кутулдум. Акырын колумдан кармап: “эртең да кел, жакшылап түшүндүрүп берем” деди. Эртеси агайга дагы
келдим. Негедир терезе пардасы чүмкөлүп жабык. “Үйүндө жок го…” деген ой келип, буруларда эшикти ачып өзү чыгып калды. Мына ошол күндөн баштап агайдын үйүнө барууну адат кылып алдым.

11­классты аяктаар мезгил болгондуктан, “Жалпы республикалык тестирлөөгө бизди Талип агай даярдай турган болду” деп үйдөгүлөрдү көндүрүп койгом. Ошентип, алгебрадан кошумча сабакка бара баштадым. Агай менин баш­ отум менен сүйүп калганымды “чү” дегенде эле түшүнгөн экен, көрсө. Кантсе да карт бөрү эмеспи. Бир жолу барганымда китеп ­дептер коюлган столдо шире, шарап туруптур. Муну көрүп эшикке шарт бурулдум, бирок агайым колдон кармап өзүнө бекем тартты. Мен уялып кеттим, моюнумдан, бетимден өпкүлөп кирди. Бир башкача сезим мени байлап алды ошондо. Канчалык “жок” дегеним менен, коргошундай эрип, чапташып калдым. Балалыгым менен ошол күнү кош айтыштым… Оо, арман күн! Көз ачып жумганчалык жыргал үчүн азыр соолуган гүлгө айландым. Экөөбүз жашырынып жолугуп жүрдүк. “Сүйөм ­күйөм” деген сөздөр жамгырдай жаады. Убакыт өтүп, баягы курбуларым бурчка такай башташты: “Агайың биздин көзүбүзчө сага сүйүү сезимин билдириши керек, антпесе ишенбейбиз” деп. Агайыма мелдеш тууралуу айтууга туура келди. Мына ошондогу анын кебетесин көрүп алгыла. “Сен мени ким деп ойлоп жатасың, мени ошол окуучу кыздардын көзүнчө маймыл кылгың келип жатабы?”- деп демитип кирди. Баягы жароокер көз караштар заардуу көз карашка айланды. Көзүмдү ала качып жаттым. Анан эч нерсе болбогондой “болду, эми мени унут” деп басып кетти. Бет алдымдан жер көчүп, отуруп эле калдым. Көп өтпөй шаарына кетип калды. Эми баарын түшүндүм, мени кусур урду. Теңиме албай жүргөн балдардын кусуру. Ооба, билем, айылдын мыркынбайы Мадылга турмушка чыккан күндө да ал менден өйдө турат. Мен сүйүү эмне экенин билбей туруп чалындым. Азыр апам чүнчүп, жада калса чачын да жөндөп тарабай калган кызына түшүнбөй жүргөн кези. Көчөгө да чыгуудан тартынам, мектепке эптеп барып келем да, үйдөн чыкпайм. Ошол, окурман, учурда эмне кыларымды билбей, чайналып жатам. Курсагым чоңоё баштады. Абийиримди эми кантип жашырам?…

Булак: Интернет

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here