Баардык мамлекеттик кызматкерлер 2018-жылдын 1-январынан тарта кыргыз тилинен сынак берет. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы даярдаган токтомдун долбоорунда айтылат. Демилгенин авторлорунун билдирүүсүндө, кыргыз тилин билген аткаминер өзүнүн милдетин так аткара алат. Мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү кызмат ээлеринин тизмесинин башында президент, парламент төрагасы, премьер-министр, президенттин жана өкмөттүн аппарат жетекчиси, Жогорку Сот, Конституциялык палата, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Куралдуу күчтөрдүн штабынын башчысы, Башкы прокурор, омбудсмен жана БШК жетекчиси турат. Долбоордо тил сынагын парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, облус жана район жетекчилери дагы тапшырары айтылат.

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча мамлекеттик тилден сынакты президент гана тапшырат. Ал эми Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлердин билими жазуу түрүндө текшерилет. 2014-жылы мамлекеттик кызматкерлер биринчи жолу кыргыз тилинен сынак беришкен. Мындай мамлекеттик деңгээлде кыргыз тилинин кадырын, баркын, статусун көтөрүү иши алда канча жыл мурун эле башталыш керек болчу. Эми да болсо эч болбосо кеч болсун дегендей, муздун ордунан жылышы колдоого арзыйыт.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here