Чагылган: Таиланддагы «Интернационал» аттуу чоң спорттук стадионунда 4-июнда Дүйнөлүк мелдеште кыргыз мушкери  Дастан Шаршеев Таиланддын беш жолку чемпиону Сомчай Пхакпхум менен беттешип, атаандашын 3-раундда нокаутка кетирип, «эс алдырып» койду.  Ал өзүнүн беттеши боюнча ФБ дагы баракчасына  төмөнкүчө ой бөлүштү.

Жеңиш оңой болгон жок. Биринчи раундда утуп, экинчи раундда утулуп бараткам. Ал эми үчүнчүсүндө бар күчүмдү топтоп жеңишке жеттим — деп жазды.

https://www.youtube.com/watch?v=uJw3QXIx8ZA

Белгилүү болгондой   Дастан Шаршеев 22-апрелде Казанда өткөн тай бокс боюнча мелдеште калыстын чечимине нааразы болуп, рингден көпкө чейин кетпей, рингде микрофон аркылуу калыстыкка нааразычылыгын билдирген.  Мына ошондон кийин анын аты катуу чыга баштады десек болот. Дастан мырза,  27-июнда Москва шаарында ошол эле орус атаандашы Антон Калинин менен кайрадан реванш беттешине чыгаары күтүлүп жатат.  Биз да Дастанга жеңишке жетишин каалайбыз! Беттеш «Боец» телеканалынан түз эфирден көрсөтүлөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here