Чагылган: Белгилүү болгондой  “Жибек жолу” эл аралык фонду 2015-жылы  сегиз мамлекет боюнча 25-декабрда уюшулган.  Кытай мамлекети КМШдагы 8 мамлекетке ар кандай ири долбоорлорго 40 млрд. доллар берүү боюнча чоң чечим чыгарган. Ал акчадан Кыргызстанга 5 млрд. доллар берилери маалымдалган. Ал эми бул ири долбоорого  КМШ мамлекети боюнча  Каримов Кажимкан Касымович төрага болгон. 2016-жылы  “Жибек жолу” эл аралык  фонду менен тыгыз кызматаша турган фонддор, компаниялар түзүлдү. Андай компаниялардын бири  биздин Кыргызстанда да иш алып барууда.  Бул компания Жибек -Жолу эл аралык фонду менен түзмө-түз атайы келишимдин негизинде иш жүргүзөт. Фонддун Кыргызстандагы куратору, кыргыздын патриот жигити Адашбек Жунушалиев экен. Аталган компаниянын максаты-кыргыз экономикасын көтөрүү.  Өндүрүш, айыл-чарба, медицина, маданият ж.б. тармактар боюнча мыкты жазылган долбоорлорго “Жибек жолу” эл аралык фондунан жылдык көрсөткүч 2 пайыз менен  жеңилдетилген насыя алып берет. Ошондой эле,  тышкары жаңы технологияларды ойлоп тапкандарга да ушундай эле жеңилдетилген насыя берет. Бул ирет окурмандарга дал ушул маселе боюнча учкай маалымат бермекчибиз.

Аталган ортомчу компаниянын калган багыттардагы иштерин  башка учурларда  жазарбыз. Бул тууралуу кеңири маалыматты буюрса жакынкы айларда аталган компания өзү деле  журналист журтчулугуна  атайы жыйын кылып, кеңири маалымат берсе керек.

Ойлоп табуу, жана жаңы технология демекчи , биздин өлкөдө бүгүнкү күндүн талабына ылайык ойлоп тапкандар бар бекен деген суроо туулбай койбойт. Көпчүлүк биле бербейт. Көрсө, бизде керектүү жерге  турба аркылуу  (эч кандай электр энергиясы жок эле) суу соруп чыгара турган гидронасосту жасашкан экен. Учурда мындай насосту учурда эки эле адам жасап, жетишпейт жатыптыр. Ойлоп тапкан адам профессор Рогозин Григорий аттуу адам экен.

Мындай укмуштуудай насоско керектөөчүлөр тарабынан суроо-талап аябай көп болуп жатканын байкадык. Бул кишилерге Кыргызстандын айрым облустарынан  буга чейин 100дөн тарта, 1000 даана насоско чейин буйрутма берип жатышкан экен. Себеби, Кыргызстандын аймагында суу жетишпегендиктен улам, иштетилбей турган жерлер абдан көп. Жакшысы, бул насос менен ар кандай аралыктан суу тартып ала тургандай кылып, буйрутма берип  жасатып алса болот экен. Бул насостун баалары да арзан болот дейт компаниянын өкүлдөрү . Анткени бир жасатып алгандан кийин насостун иштөөсу оңой эле, бузулуусу да аз болуп, берки насостой электроэнергияга акча төлөнбөйт, суу чыгаруу үчүн талааларга электро тирөөчтөрдү тартып акча коробойт.

Ушул гидронасосту Кыргызстанда чыгарып,  Казахстанга, Өзбекстанга, Россияга, Тажикистанга жана башка мамлекеттерге экспорттоону коздоп жатышат.

Андыктан, бул маселени аталган компания  колго алып,  көп чыгарууга, элге кеңири таратууга кам көрө баштаптыр. Так айтканда, буйрутмаларды аткарыш үчүн керектүү станокторду, труба, темирлерин насос жасагандарга сатып берип, ал тургай жеңил машинадан тышкары, жүк ташыган машиналар менен камсыз кылышат экен. Албетте, мындай жакшы саамалык жерде калбашы керек.

Эми бул аппарат тууралуу кыскача маалымат берсек. Токко сайса насос сууну соруп чыгарарын элдин баары эле билет. А бул насос үчүн суунун агымы 5-10 градус энкейиш болсо эле жетиштүү. Суу өзүнүн агымы менен барып жогору көтөрүлө турган жерде клапандуу система турат экен. Ошонун жардамы менен суу 100-200 метр жогору аралыкка чейин барат экен коюлган трубанын өлчөмүнө жараша.  Насос сапаттуу жасалгандыктан бир эле райондон жүз даанага чейин буйрутма бергендер кездешип жаткан учурлар болуп жатыптыр. Мындай насосту жасагандар Бишкек шаарында өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп жатышат. Биз да элге өтө пайдалуу эмгек кылып жаткандардын жана ушул фонддун ишине ийгилик каалайбыз.

Автор: Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here