Салык кызматы “Сосновка” көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын дээрлик жарымынын иши салык мыйзамдарын бузуу менен уюштурулганын аныктап чыкты. Бул тууралуу бүгүн Салык кызматынан кабарлашты.

Жыл башынан бери 31-майга чейин жүк ташууларды эсепке алуу журналына күйүүчү май ташыган 5,5 миң унаа жана башка жүк менен 4 миңден ашуун автоунаа катталган.

Ар кандай жүк ташыган автоунаалардын ичинен салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 2 миңдейине, башкача айтканда 47% карата патент, салык төлөө маселелерине байланыштуу акт түзүлгөн.

«Сосновка» Бишкек-Ош унаа жолунда, Чүй облусунун аймагында жайгашкан. Мындай маалыматты «Азаттык» жазып чыкты.

ал эми Бизге жеткен маалыматтарга караганда, аларга «крыша» болгон адамдар албетте жөн адамдар эмес. ЖКда депутат болуп олтурган, бийликке абдан жакын адам дешет. Демек, бул айтылгандар деле бекер жерден чыкпаса керек. Балким жакын арада аныкталып, ачыкка чыгып калышы да ажеп эместей…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here