– Сырттан карагандарга мен бакыттын ханышасы туюлам. Жашым кырктын кырына келип калса да али көөнөрбөгөн, мезгил өзгөртө албаган жаштыгыма, сыны бузулбай солкулдаган бой-келбетиме, бырышы жок сүт тепкендей апакай ажарлуу жүзүмө, ал турсун, айрымдары менин күйөөдөн бак айтпаган жалгыздыгыма суктанышат…

Ата-энемдин караңгы көз карашынын кесепети беле же тагдырым ушундайбы, 17 жашымда турмушка чыгып, 18 жашымда эне болдум. Каалоом жок барган менен жолдошум жакшы чыгып, көңүлүмдү табууга кылган астейдил аракети жүрөгүмө жол таптыбы же кыздуу болуубуз себеп болдубу, айтор, убакыт өткөн сайын ынак боло баштадык. Сүйүктүү жар, эне, деги эле аял болуу деген зор бакыттын даамын жаңы гана туюп, аңдап баштаганда жолдошум жол кырсыгына кабылып ымыркай кызым жетим, мен жесир аталдым. Тагдырдын бул соккусу жоготуу, жалгыз калуу дегенди баштан кечирип көрбөгөн жаш жанымды абдан чүнчүтүп жиберди. Мени жакшы нерселерге багыттап турган бир гана кызым болду. Анын аманчылыгын, келечегин ойлоп гана жашап калдым. Ал эми жакындарымдын, санаалаштардын “жашсың, жакшынакайсың, кайра турмушка чык. Кызың чоңоё берет” деген акыл-насааты кыжырымды гана келтирчү. Айрылуу, жалгыздык менен алышып айылда беш жыл жашадым. Качан кызымдын мектепке барар убактысы жакындаганда гана белимди бек бууп, анын шаардан билим алып, мыкты мектепте окусун деген тилегимди кайрат тутуп шаарга бет алдым. Мендей жумушсуздардын бактысына бүткөн тигүү цехтеринен тез эле жумуш да табылды. Кудай буйруп баары жакшы нукка түштү. Тапканымды тыйынына чейин чогултуп кызымды алдыңкы мектептердин бирине бердим.

***

Менин жалгыз сыймыгым — кызым. Жакшы окуганына бир сыймыктансам, чоңойгон сайын өзүмө окшоп келбеттүү болуп көз кубантканына жетине албай ичимден кубанам. Жаштыгын, билимин, жакшынакай келбетин эч кимге кор кылбай, жакшы баасын алгандай болсо экен деп тилейм. Кызым экөөбүздүн жай турмушубузду күтүп да, күтпөй да жүргөн бир жаңылык башка нукка буруп кетти. Мен иштеген тигүү цехине чакан бизнестин ээси буйрутма берип келе баштады. Келбети сындуу, көз карашы курч жигит экен. Ал келген сайын кыздар кымырынып, астыртан ага көз салып, жаш кыздар эмес, улуу экенимди туюп турган менин деле жан дүйнөм тымызын дүрбөп алчу. Бир күнү таң менен ишке келатып артымда ал бар экенин байкабаптырмын. Биз иштеген жердин эшиги оор, анысы аз келгенсип катуу жабылчу. Ошондон улам артымды карабай эле күч менен тартып ачып, тарс жаап койгом. Эми эле жабылган эшик кайра ачылып, артымдан эле бизге кардар болуп келип жүргөн баягы бизнесмен жигит баш бакты:

– Менде өчүңүз бар го ээ, чоң кыз? Тим эле тумшугумду түздөп койгонго аз калды. Аз жерден манжамдан да айрылып кала жаздадым, — деди жаркырай күлүп. Жигитке тийишкенге шылтоо таппай турган кыздар анын тамашасын улай шарактап:

– Таң атпай чогуу кайдан келе жатасыңар? Бизге сыр алдырбайлы деп эле бириң алдыда, бириң артта калып жаткан жоксуңарбы? – деп тийишип калышты.

Ушул окуядан кийин кесиптештерим тамаша-чындан бизди түгөй кылып коюшту. Канчалык сыр алдырбайын, мындай абал мага жагып баратты.

Мамилебиз ушундай азил-тамаша менен эле чектелип калганда жакшы болбойт беле. Андай болгон жок. Буга, балким, менин элден эрте келип, кеч кетип иштеген адатым да себеп болдубу деп ойлоп кетем, жан кыйнаган куса менен ызага түтпөй кеткенде. Менин кеч кете турганымды билип ошенттиби же иши ошол убакка туш келчү беле, билбейм, Мирлан биздин цехтеги иштерин бүтүрүүгө кеч келип, анан мени узатып койчу адат тапты. Ыңгайсыз болгонум менен бул нерсе мага жакчу. Биздин мамиле чекке жеткенге себеп болгон ошол күн каргашалуу беле же бактылуу беле, азыр айта албайм, мен адатымча иштеримди бүтүрүүгө шашып, Мирлан маңдайымда ар нерседен кеп салып отурган. Колумда тигип жаткан ишимди бүтүп кийим алмаштыруучу жайга кирип чечинип жатып артымдан кирип келе жаткан кадамды сездим. Жашырганда эмне, сездим да, бирок кайрылып “кирбе” дегенге жараган жокмун. Сыягы, ич-ичимден ушуну кааласам керек. Аба жетпей бара жаткандай аптыга азыр болуп кетчү бир кереметти күтө калчылдадым. Эсимде калганы, анын кучагынан акыл-эсим чочуркап качканы менен жан жүрөгүм ушул ысык карылуу кучактан издеген ордун тапкандай магдырап баратты. Ага каршы боло албай калдым. Кантип эриндерим эринин издеп, билектерим мойнуна оролуп, көздөрүм ушул учурдан уялып да, кубанып да тургандай жумулуп экөөбүзгө гана тиешелүү ааламга сүңгүп кеткенин билбей калдым. Биз болуп өткөн окуянын жакшы же жаман экендигин талдаган да жокпуз, анткени мунун баары ал учурда майда болчу. Үнсүз коштоштук. Бул менин жолдошумдан кийинки биринчи эркек эле.

Башында мындай мамилеге ортодогу жаш куракпы же бассак-турсак кадамыбызды кыйды караган кыздардын көз карашыбы, айтор, бирдеме кедерги болуп кыйналсак, бара-бара эч кимди, эч нерсени элес албай калдык. Айрыкча мага кызыгы, таттуусу көп, жалаң бакыт менен кумардан жаралган ажайып жаңы аалам ачылгандай ушул кезге чейин бул керемет ааламсыз, Мирлансыз кантип жашап жүргөнүмдү элестете албай калдым. Дем алыш күндөрдүн биринде ал күтүүсүз үйгө кирип келип биздин мамилебизге эки жыл толгонун кубана айтты. Экөөбүз чай ичип отуруп калдык. Көчөгө кеткен кызым келип калбаса экен деп кыпылдап аттым, же Мирланда шашуу жок. Аңгыча кызым да келип калды. Мен эмне деп тааныштырууну ойлонгончо ал кызыма кол сунуп эски кесиптешим, жакын таанышым экендигин айта салды. Ичимден кызыма бул адамдын мага кандай кымбат, кандай жакын экенин айткым келсе да унчукпадым. Тирүүлүктөгү эң жакын адамдарым ушинтип таанышышты. Ошол күндөн баштап Мирлан үйгө көп келчү болду. Келген сайын мен сүйгөн таттууга кошуп кызыма ар нерселерди белек кылуудан тажабайт. Биздин мамилебиз олуттуу болбосо да (анын колумду сурашын күтчү да эмесмин) аны менен жашоом түгөл болуп, мага, кызыма кылган мамилесине ыраазы элем.

Эмнегедир кыш аягынан баштап Мирландын мамилеси солгун тартып баратты. Буга эмне себеп болуп атканын ачык сурай албай кайсы бир күнү биздин мамиленин кайрадан жакшы жакка бурулушун күтүп чыдап жүрдүм. Демейде бир күн көрбөй калса “сагындым” деп жетип келчү Мирлан үч күн кабарсыз кетти. Өзүмдү канчалык “алыска кеткен чыгар, өзү чалат” деп алдабайын, чыдамым жетпей кетти. Намысты жыйыштырып чалсам:

– Мен бошой албай жатам, бошогондо чалайын ээ? – деди да, кебимди аягына чыгарбай трубканы коюп салды. Мага жанындагы кимдир бирөөдөн тартынып коюп салгандай сезилип, мындай күдүк ойлордон, ич өрттөгөн кызганычтан муунуп бараттым. Үйгө келип тамак да ичпей бүк түшүп жатсам кызым келди. Кирип келе жатканда эле анын алда неге кубанычтуу экенин үнүнөн, баскан кадамынан сездим. Зарина туура эле мен жаткан бөлмөгө баш бакты. Кызымдын колунда мен сүйгөн кыпкызыл розалар. Эмнегедир гүлдөр мага тааныш көздөрү менен карап тургансып сезилип, бул тааныштыктан көөдөнүм үшүп кетти. Негедир гүл ээсин сураганга дилим түтпөй кызымдын наристе каректерине тигилдим. Ал менин тил учундагы суроомду сезгендей ууртун тарта уяң жылмайып:

– Апа, гүлдүн ээсин сурабаңызчы ээ? Азырынча күтө туруңуз. Бул гүлдөр менин эң кымбат адамымдан. Билесизби, ал аябай жакшы адам, сизге да жагат деп ойлойм, — деп гүлдөрүн аяр кучактап жер карап турду. Кызым абдан бактылуу эле. Мен негедир баламдын бактысына канчалык кубанайын десем да бирдеме жүрөгүмдү өйкөй берди. Өмүрүмдө биринчи жолу кызымдын жеке кубанычын бөлүшө албай турдум. Балапанымдын жашоосун башка нукка салчу жаңылыгынан менин жеке сезимим маанилүү болуп:

– Мейлиң, негизгиси бактылуу болсоңор болду, — деп жайына койдум. Күткөнүм — Мирлан.

Ал болсо келмек түгүл, мүмкүн болушунча мага жолукпаганга аракет кылып жаткандай сезилип, менден алыстагандан-алыстай берди. Мурдагыдай таң тосуп кумар канбай эзилишмек түгүл, жалын чачкан көздөр муздак тартып, менин жанымда турганда да ой-кыялы башка жакта жүргөнсүп алагдылана бергени жанымды кыйнайт. Баарынан да күнөөкөрдөй калдастаганы жанымды кейитчү болду. Эң оору бул күнөөкөр болуу менин алдымда эмес, ал аздектеген, мен тааныбаган башканын алдында күнөөкөр болуп жаткансып колум колуна тийип кетсе дароо тартып алып, кучагына кыналсам алда нени шылтоо кылып отурган ордунан туруп кеткенче шашчу болду. Дайыма жанымдан шашып кетет да, мен чалмайын коңгуроо кылбайт. Мындай мамилесине тиштенип канчага чыдайт элем, ким билет, өзү чалып жолугушубуз керек экенин айтты. Жерге батпай сүйүнүп, ал жактырган көйнөгүмдү кийип алып чакырган кафеге жетип бардым. Демейдегидей төгүлүп-чачылган жок. Анысына да кайыл болуп жанында экениме ыраазымын. Мирлан мени карабай туруп:

– Мира, биз күтпөгөн нерселер болуп кетти, кечире алсаң, кечирип кой. Сени менен максаты жок эле эркектик сугалактык менен кумар үчүн ушунча жыл мамиле түзгөнүмө абдан өкүнүп атам. Мамилебиздин келечеги жок экенин сен деле билчүсүң да, туурабы? Эми мен сага айтпай коюуга мүмкүн болбогон бир жагдай бар. Кызыңдын бир жигит менен жолугуп жүргөнүн билесиң да ээ? – деди да, саамга жер карап тынып калды. Ошондогу убакыттын кылым болуп кеткеничи. Ал колун катуу кырсылдата сөзүн улады:

– Ошол жигит менмин. Заринаны чындап сүйүп калдым, Мира. Зарина да мени менен бактылуу. Ал мени сенин таанышың катары гана билет. Сен бизге каршы болбо. Чыныгы сезим эмне экенин Заринага жолукканда билдим. Анын бир тал чачын жерге түшүрбөйм деп убада берем, — деди. Бут алдымда жер көчүп кеткенсиди. Тилим байланып эч нерсе дей алган жокмун. Үч уктасам түшүмө кирбеген бул окуянын чын эле болуп жатканына ишенбей турдум. Мындайда эмне деп сүйлөйсүң, эмне деп актанасың. Сөздүн куту мааниси кеткен мындай абал мурда болуп көрбөптүр. Мирлан мени карабай туруп:

– Эми биз жолукпайбыз, — деди муздак. Ушул каардуу сөз куду өлүмдү угузгандай селт эттирип шарт туруп жөнөп кеттим. Эгер кызымдан башка адамды сүйөрүн айтса, урушуп, анын ким экенин, менден артыкчылыгын териштирип, балким, аялдык ар-намысты жыйыштырып жалбарып ыйлайт белем, ким билет. Анда баары — аялдык ар, ич күйдүлүк, кызгануу, жек көрүү эч нерсеге татыбайт болчу, мени эч нерсе басынта алмак эмес. А азыр таптакыр башка абал мени бычаксыз мууздап жатты, ортобузда башка эмес, менин кызым, эч кандай атаандашууга, орун талашууга мүмкүн болбогон адам турду. Ушул абал жанымды жарга такап аалам алакандай тар болуп турду. Балким, ушундай болгону үчүн сүйгөн адамымдын алдында кайраттуу болууга күчүм жетти окшойт. Бакырып ыйлап алгым келип үйгө шашып бардым. Алар ушундай пландашканбы же кызым мага жакшы кабарын ушул маалда айткысы келип күтүп отурганбы, “эс алам” дегениме болбой чай даярдап, дасторкон үстүндө жүрөгүнүн ээси ким экенин айтты. Кызым үчүн кубанычтын бет кабын кийип араң чыдап отурдум. Ал чексиз бактысынын күчү мененби же арамдыгы жок балалыгы беле, анын сүйүнчүсүн кандай кабыл алганымды аңдаган да жок.

Мен Мирланга да, Заринага да алардын баш кошуусуна макул эмес экендигимди билдирген жокмун. Анткенде деле алар менин көңүлүм, оюм менен эсептешип коюшчудай эмес.

Айга айланып баратат, мен баягы он жылдан ашык убакыт иштеген жумушумдан бошонуп, үйдөн чыкпай жатам. Мирланды ошол жагымсыз кечтен бери көрө элекмин. Ал эми Заринам жаштыгынын эң бактылуу күндөрүн жашап жатат. Мыкты деген алдыңкы окуу жайдын сыймыктуу студенти, бактысы, байлыгы болгон апасы — мен жанындамын, жактырган адамы — кыялындагыдай өзүнөн жети жашка улуу, акылдуу, иши, үй-жайы бар табышкер адам. Күн алыс гүл кучактап келип ажары күндөн-күнгө ачылып барат. Кызымдын бактылуу болушун бассам-турсам тилеп, каалап, күтүп келгеним менен канымдан жаралган кызым менен бир адамды талашып сүйүп, анын бактысына сук артып калам деп ойлобогон элем. Баарынан оору мен сук арткан адам, менин канымдан бүткөн бөлүкчөм кызым экендиги. Ушул бөлүкчөмдү бир кезде мени кучактаган адам кучактап, мени өпкөн адам өөп жатканы. Күнөөсү жок кызымды карап туруп ушул периштедей жандын менин ойлоруман, азабымдан кабарсыз экенине кубанып да, күйүп да кетем. Анын ар бир гүл көтөрүп келгени, менден ары барып алып сааттап Мирлан менен сүйлөшкөнү мени мууздап жатканын сезет болду бекен? Сезгенде эмне, сыр алдырбай баарын көтөрүү туура болот чыгар, бирок ага адамдык куру намыс түттүрбөй, айрыкча жумуштагы менин Мирлан менен болгон мамилемди билген адамдар кийин эмне дейт деп ойлогондо ааламым тарыйт. Шибегени капка ката албайсың, алардан кайда качам? Же кызыма ачык айтсамбы, анда балапанымдын ишенимин, ааламын булгайм го. Кыскасы, мен сынсам да кызыма сыр бербөөнү чечтим, бирок сиздер да акыл кошсоңуздар, акылман окурман журту.

Булак: Леди кж (Сүрөттөр интернеттен алынды. Кармандарга тиешеси жок. )

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here