Чагылган: Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку жетекчиси Шералы Абдылдаевдин үстүнөн коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду. Бул иш Өмүрбек Текебаевге байланыштуу деген да кептер айтылууда. Шералы Итибаевичке издөө жарыяланганын да жар салышты. Белгилүү болгондой Шералы Абдылдаев Атамбаев менен Текебаев жакшы мамиле болуп турганда, так айтканда 2010-жылы 6-апрелде Таласта убактылуу губернатор болуп, андан кийин Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеген. Андан соң, Таранспорт министринин орун басары, анан кйин Мамлекеттик резервдер фондусун башкарган. Кыскасы, мынча  «майлуу» кызматта иштеген адамдан оңой эле  мыйзам бузуу иштерин таап, кылмыш козгоп койсо болот. Жеке эле Абдылдаевди эле эмес, бардык чиновниктердин иштеген иштерин казып койсо, ошолордун 95 пайызынан мыйзамсыз, жеп-ичкен сыяктуу иштер табылары турган иш.  Бирок Абдылаевге козголгон кылмыш иш Текебаевге кандайча байланыштуу экени толугу менен ачыктала элек…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here