Башкы прокурор Индира Жолдубаева 29-майда «Бир бол» фракциясынын депутаттары Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга тапшырылды. Алар 2009-2015-жылдар аралыгында «Машина сыноочу станция» ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлгөндүгү жана акча каражатын максатсыз пайдалангандыгы үчүн айыпталууда.

Эскерте кетсек, 2009-жылы Игорь Чудинов премьер-министрлик кызматты аркалап турган. Ал эми Акылбек Жапаров 2007-жылдын февраль айынан тарып жыл аягына чейин Каржы министри болгон. 2007-жылдын декабрь айынан тартып 2009-жылдын 20-октябрына чейин Экономика министри болуп турган. 2009-жылдын 22-октябрынын тартып, 2010-жылдын апрель айына дейре 1-вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

Бул кылмыш ишине байланыштуу «Бир бол» фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов «коррупционер» деген жарлык тагылып айыпталып жаткан депутаттарын коргоп, козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун иликтөө демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүп, Башкы прокурордун пикирин угууну сунуштады. Натыйжада, Канат Исаевдин иши боюнча түзүлгөн комиссия «Бир болдун» эки депутатынын ишин да карап чыкмай болду.

Бирок коюлган айып өтө оор, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү чоң болгондуктан аты атлаган депутаттарды дароо камакка алып, анан тергөө иштерин жүргүзүү зарыл. Анткени аларды эркиндикте бош коюп, мышык-чычкан оюнун ойнотуп, «соодалашууга» жол берилбеш керек. Дал ушул «коррупция» беренеси боюнча Нариман Түлеев, Ахматбек Келдибеков камалган. Тергөөнү абак шартында жүргүзүү боюнча баш коргоо чарасы көрүлгөн. Чудинов менен Жапаровдун деле алардан кыпындай артыкчылыгы жок. Демек, баарына калыс мыйзам чегинде чара көрүлүш керектигин эске алганда, өң-тааныштык же боор тартуу, ылым саноо болбош керек.

Албетте, Жапаровдун бул кылыгы тууралуу буга дейре эче ирээт маалымат каражаттарында жазылып, айтылган. Бирок сааты чыкпай жаттыбы, эмнегедир укук коргоо органдары көңүл бурбай келишкен болчу. «Кыңыр иш кыркы жылда билинет» дегенди эске алсак,  «уурунун жолу кууш» «мыйзамдын укуругу узун» экени айгенленип, «кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандардын» кыңыр иши кеч болсо да калкып чыкты.

Ахматбек Келдибеков менен Нариман Түлеевден кийин «ичип-жеди» деген кине менен «киттерге» кайырмак ыргытыла элек эле. Президент Алмазбек Атамбаев: «Мамлекетти сызга отургузуп келген саясатчыларды, коррупционерлерди тазалап кетем», — деген сөзүнүн өтөөсүнө чыгып, кызматтан кетээрде колу туткак, алкы бузуктарды дагы бир сыйра электен өткөзө турган өңдөнүп калды. Башталган иш жемиштүү болуп, ылайым коррупционерлер жазасын алып, кийинкилерге сабак болгудай болушун коомчулук күтүп турат.

Эми иштен жөнүнө келели, 200 миллион сомду сиңирип кеткен МИС ишканасы Акылбек Жапаровго тиешелүү. Демек, Жапаров кызматтан абалынан пайдаланып убагында жеке менчик ишканасына оңбогондой акча бөлдүрүп, мамлектти миллиондогон сомго сызга отургузган болот. Айткандай, Жапаров Айыл чарба министрлигинен МИСтин карызын жоюу боюнча аталган тармакка ким министр болуп келбесин, ат тезегин кургатпай каттап, дамамат тынымысыз аракет көрүп келген. Бул боюнча биздин гезит көп ирээт жазды. «Жамандын кесепети тийиет» демекчи, учурда Жапаровдун айынан  мурдагы Айыл чарба жана мелиорация министрлери Чыңгызбек Узакбаев, Таалайбек Айдаралиевда сот жоопкерчилиген тартылып калуу чегинде турат.

Мына Каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүү фонду МИС ишканасына берилген насыяны төлөө мөөнөтүн эки жолу мыйзамсыз узартканын Улуттук коопсуздук кызматынын расмий өкүлү Рахат Сулайманов маалым кылды. Маалыматка таянсак, 2017-жылдын 1-мартындагы абал боюнча экономика жана каржы министрлигинин алдындагы «МИС» ААК карызы 237 млн. 791 миң 75 сомду түзөт. Соттук эксперттин корутундусуна ылайык, МИС ААКга түшкөн республикалык бюджеттик насыялардын 68 млн. 248 миң 50 сому максатсыз пайдаланылган. Натыйжада, Игорь Чудинов, мурдагы Айыл чарба жана мелиорация министрлери Чыңгызбек Узакбаев, Таалайбек Айдаралиев, мурдагы экономика министри Акылбек Жапаров жана башка адамдардын мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда ишти УКМКнын тергөө башкармалыгы иликтеп жатат. Мыйзам баарыбызга бирдей экенин эске алсак, эл ырыскысын жегендер сөзсүз жоопкерчилик тартыш керек. Дегенибиз, коюлган айып олуттуу болгондон кийин козголгон кылмыш иши Кожо көрсүндүн деңгээлинде калбаш керек. Болбосо, калп эле шайлоо алдына уюштурулуган шоу катары, президенттикке ат салышчуларга карата бийликтин сүр сөөлөт көрсөткөн сигналы болбошу кажет. Жеп-ичтиби жооп берсин. Башка жол жок.

Автор: Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here