«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү Биринчи Май райондук сотунда башталат.

«Азаттыкка» ишти карай турган судья Эрнис уулу Айбектин кабылдамасынан кабарлашканына караганда, сот отуруму ачык өтөт.

Текебаев «Мегаком» компаниясы боюнча жемкорлукка барган деп шектелип, быйыл 26-февралда кармалган. Анын ишине байланышы бар деген айып менен Дүйшөн Чотонов да камакка алынган.

Эки саясатчы тең азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат.

“Ата Мекен” партиясы алардын айыбы жок экенин билдирип, кылмыш ишин саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here