Чагылган: Балыкчы шаардык  аймактык  ооруканасынын  жана Үй- бүлөлүк  медицина борборунун  администрациясы  30.05.2017 –жылдагы  «Чагылган» сайтына жарыяланган «Балыкчыда акушерка төрөтөм деп баланын башын жулуп алган»  деген  маалыматты  тастыкталган эмес деп билдирет.

Анткени,  Мусаева Чолпон   Балыкчы шаардык аймактык ооруканысынын төрөт бөлүмүндө  31.12.2016 ж.  саат 04:35 те,   3870 салмагы менен эркек бала төрөлүп, баланын башы жулунган  тууралуу  фактысы  катталган  эмес .

Азыркы учурда Мусаева Чолпон  ден-соолугуна даттануусу жок, дарыгерлерге  кезигип, доосу жок экендигин жана бул маалыматты  таркатууга тиешеси жок экенин билдирип кетти.

PS: Эскерте кетсек биздин сайтка «акушерка төрөтөм деп баланын башын жулуп алыптыр» аттуу вотсап аркылуу келген маалымат жарыялангандан кийин, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Кийин кошумчаланган маалыматтарга караганда  жабыр тартты делген Чолпон учурда Бишкек шаарында экени айтылууда. Ал өзүнө келип, басып калгандыгы айтылууда. Балким, Чолпон айым өзү мындай окуяны жар салгысы келбегендир. Демек, бул окуя жөн жерден чыкпаса керек. Жашырып коюшкан жокпу деген суроо туулбай койбойт. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here