Экономика илимдеринин доктору, Экономика жана финансы институтунун ректору Айылчы Сарыбаев агайды Жусуп Баласагын  атындагы улуттук университетте түзүлгөн кырдаал боюнча кепке тарттык. Аталган университеттин ректорлугуна 10го жакын адам ат салышып, акыры Билим жана илимдин мурунку министри кечээ биринчи орунду алып ректорлукка бекиди. Алардын бири пара алып кармалып, кайра тез эле сүттөн аппак болуп акталып, кайра эле болгондо да философия кафедрасында ищтеп жаткан мурунку проректор Нурзак Асанбеков экен. Айылчы агайдан, ал тууралуу жана азыр ректор болуп бекиген мурунку министр Канат Садыков жана кеткен ректор Чынара Адамкулова тууралуу кыска пикирин уктук.

-Биздин өлкөдө  соттордун принципиалдуулугунун, намысынын жоктугунан, укук коргоо органдарын саясатчы жетекчилерибиз  толугу менен уюшулган кылмыш дүйнөсү менен аралаштырып салгандыгынан  экономикалык кылмышкерлердин баарын кайра, чыгарып коюп жатышат. Жеген акчасын кайра төлөп койду, эчтеке бобойт дешип. Бул билимсиздиктин, жоопкерчиликсиздин жана 14-15 кылымдагы биринчи капиталды жыйноо мезгилиндегидей “эмне  болсоң ошо бол, аксайдын башы жошо бол” же “Кимди ким көрдү Быржыбайды там басты” деп ый аралаш канга боелгон замандын саясатынын айы да. Улуттук университеттин расчетный счетунан 100 миңсомду которуп пара берген, “взятичникти” кайра актап  чыгарып койду.  Асанбеков Нурзак деген Кыргызстанда феномен болду пара берүү жагынан. Мен өмүрүмдө биринчи жолу уктум, пара берип жаткан адам, параны алчу адамдын счетуна расчетный счеттон ачык текст менен которот дегенди. Булар кайра университеттин 100 миң сомун ачык эле уурдап, аны кайра парага берип жатпайбы.. Ушундай абалда турган окуу жайлар менен бүгүнкү күндө Кыргызстан кантип оңолот? Бул эптеп-септеп окууну бүтсөм, ушундай университетке ректор же проректор болсом, ушунча акча жесем, эч ким эч нерсе кылалбайт турбайбы, деген ойго түртөт. Тескерисинче, 500-1000 сом алган  мугалимди камайт. Ал эми 100 миңдеген сом уурдагандарга көп учурда көз жумуп коёт. Мындай көз жумгандар мамлекеттин душманы болуп эсептелет. Бул мамлекетти жок кылуунун өзү же диверсия деген сөз. Сот жана адилетсиздик жок болсо мамлекет өзүнөн өзү жоголот. Сырттан душман издеп кереги жок.

— Чынара Адамкулова тууралуу не айтааласыз? Аны бул жактан тиги жакка алып барып койду?

— Ал тууралуу эч нерсе айткым келбейт, себеби, анын ректор болушуна өзүмдүн да үлүшүм бар болчу. Үлүшүм үчүн, каршы кол көтөргөн 87 процент мугалимден кечирим сурап, «Азияньюс» гезитине макаламды бердим эле. 13 процент киши макул болчу. Алардын арасында мен үгүттөгөн кишилер бар болчу. Ошолордун бетин карай албай жаман болдум. Мынчалык уят кылаарын билген эмесмин. Университетти шалбыратып салат деп ойлогон жокпуз. Аны колдогондордун ичинде азыркы Канат Садыков жана башкалар да  бар болчу. Эми кантээр экен.

— Эми Дипакадемияны ошентип шалбыратып салбайбы?

—  Аны эми жетекчилер өздөрү билип туруп ректор кылса эмне кылабыз, “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса”дейт. Мамлекетке кереги жок нерсени мен кантип айтам. Ал эми өздөрүнүн жумушу да.

— Министр кезинде Канат Садыков менен иштешип калдыңыз. Андан кандай үмүт болушу мүмкүн?

— Канат өзү тарбия көргөн, маданияттуу, жакшы жигитчилиги бар. Тилекке каршы, «досуңду көрсөтсөң, сенин ким экениңди айтам» деген макал бар. Мунун да 2-3  досу бар. Министр кезинде да жөн иштетпей,өздөрүнүн ойлорун буга таңуулап жатып «оптимизация» аттуу «Хунвейбиндердикиндей» саясат жүргүздүрүп , биздин билим системасын да талкалап салышты. Ошол досторунан арылмайын, бул окуу жайга эч нерсе чечип бере албайт.

— Бекиди да?

Бекиди, токмогу күч болсо кийиз казык жерге кирет деген ушул.

Билим системасын, реформа маселесин кеп кылып жатабыз. Окуу жайлардын флагманы бул болуп жатса, ошого карап түздөнүшөт да…

-Эгерде улуттук университет менен КТРКны оңдобосо, Кыргызстан эч качан оңолбойт.  Улуттук университет «Манас», АУЦА, КРСУ дегендерден алда канча алдыда туруусу керек эле, тескерисинче артта калды. Ага көңүл бурган киши жок, себеби, капа болушпасын, чоң кызматтардагы жигиттердин намысы жок. Намысы жок адамда-эч качан мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүү болбойт. Жеке кызыкчылык керек болсо айбанда да бар. Патриоттуулуктун негизин намыс түзөт да. Бизде намыс болсо университет оңолот. Намыс жок болсо базардагы картошкадай ар кимге сатыла берет. Бажы менен салык инспекциялары сыяктуу. Мугалимдери болсо “Моя хата с краю” принцибинде эптеп айлык алса, анан сессиядан сессияга чейин жашаса болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here