Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Тумаранын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Кырк беш жаш. Бала кезимде, жаштыгымда кырктан ашкандарды карып калгандай көрчүмүн. Эми өзүм ошол курактамын. Кайдагы карылык, жаштыктын ширеси агып, маңызы чыгып турган учурундай сезилет. Мени менен жашташтар ошондой эле жашап жатышат. Тилекке каршы, ушу керемет куракта жашоомо кара көлөкө түшүп, айланамды аяз каптады. Мени айыкпас дарт ажалга жетелеп баратат…

***

У-уф, карьера. Баарына ушул күнөөлүү. Карьера деп жүрүп жашоонун чыныгы жыргалын билбей жаштыгымды бекер коротуптурмун. Эс тарткандан карьера жасоо керек деген ой менен жашадым. Орто мектептен кийин борбордон жогорку окуу жайды аяктап ошол кездин модасы болуп турган экономика тармагынан дипломго ээ болдум. Кийин билимимди тереңдетип Москвада эки жыл окуп, эки жыл иштедим. Анан ата-энемдин өкүм зордугу менен айласыздан мекенге кайтып келдим. Анда деле турмушка чыгып, бала-чакалуу болууну максат кылбай, жумуштун артынан сая түшүп жүрдүм. Ошентип жүрүп 31 жаш курагымда өзүмдөй илимдүү бир адамга турмушка чыктым. Экөөбүздүн максатыбыз, багытыбыз, жашоого болгон көз карашыбыз бир болгондуктан тез эле тил табышып жакшы жашап кеттик. Ал — үйдүн кичүү уулу. Кайнатам менен кайненем бизди эркелетип багышканын азыр да сыймык менен айтам.

Анан көп өтпөй өзүбүз ата-эне болдук. 33 жашымда уулумду, 35 жашымда кызымды төрөдүм. Удаа төрөлгөн балдар менен алышып беш жылдай үйдө олтуруп калдым. Көз ачып жумганча балдарым бала бакча курагына жетишти. Мен кайрадан өз чөйрөмө сагынуу менен бет алып, жаңы максаттар менен ишке киришейин деп турганда ооруп калдым. Алгач сол жак көкүрөгүм аздан сайгылашып ооруп жүрдү. Анан катууланып ооруганы күчөп баштады. Башынан кара жаныма карап көнгөн жаным эми деле ден соолугум үчүн колумдан келишинче кам көрүп аттым. “Тапшыр” деген анализин тапшырып, “бар” деген жагына барып, “ич” дегенин ичтим. Бирок жакшы жылыш болбой койду. Ошол маалда доктурлар “төрөп, бала эмизишиң керек” дешти. Чындыгында дагы кош бойлуу болуп үйдө олтурууга даяр эмес элем. Дагы качан төрөйм деп да ойлонбоптурмун. Бирок ден соолук үчүн макул болууга аргасыз болдум. “Кырктагы катын кыз төрөйт” дешет, кызымды сиңдилүү кылайын деп өзүмдү сооротуп кезектеги кош бойлуулукка камынып калдым. Көкүрөгүмдүн ооруп атканын уккан ар бир доктур башынан өзү билген текшерүүнү кыла беришти. Ошентип, кезектеги толук текшерилүүдө жагымсыз кабар уктум. Ооруган эмчегимде залалдуу шишиктин айыкпас түрү бар экен.

***

Төрөткө тыюу салып, өлүмгө жетелеген илдет менен жашап жатканымды жайма-жай баяндаган доктур мага желмогуздай көрүнүп атты. Бир кебин уксам, бир кебин укпай ыйлап жаттым. Келип жолдошума, кайненем менен кайнатама болгонун айтып дагы ыйладым. Бир жумада өңүмдөн азып, жүзүм кубарып жүдөп кеттим. Жакында бул жарык жашоону, али турмушту түшүнө элек, али менин мээримиме кана элек балдарымды, бардык күч-аракетин үй-бүлөсүнө арнаган жолдошумду таштап кетеримди ойлоп өпкө-өпкөмө батпай ыйлачу болдум.

– Тумара, суранам, ыйлабачы, сени көрүп балдар да кыйналып атышат.

– Мен өлүп калсам алар эмне болот? – мен кайрадан күчөп ыйлайм. Ыйлап жеңилдеген болом.

– Антип айтпа, өлбөйсүң. Баарын жакшылап текшертебиз. Жакшы болуп кетесиң. Жаңылышып калышкандыр.

Ушинтип олтуруп жолдошум менен кайрадан ооруканаларга каттай баштадым. Кайрадан анализден-анализ тапшырдым. Жок, жаңылышпаптыр. Чындап эле жаман дарттан жабыркарымды бул жолу катардагы бир оорудай кабыл алдым. Ыйлаган жокмун. Аны менен алымдын жетишинче күрөшөм дедим. Менин минтип кайраттуу болуп калышыма жолдошум абдан кам көргөн. Анын демөөрү, камкордугу, жакшы кеби мени кубаттуу кылып койгон.

***

Ошол күнү мен сырткы жашоодогу бардык иштеримди жыйыштырдым да, баарын үй-бүлөмө, балдарыма арнап жашоого өттүм. Ошондон баштап кайненемди ашканадан бошотуп дайыма өзүм тамак жасап калдым. Таң азандан жолдошум менен жарышып жумушка чыкпай калганым экөөбүзгө тең бакыттын жаңы эшигин ачкандай болду. Мен аны күлүп узатып калам, ал кечинде мени сагынып келет. Балдарымды баягыдай чоң атасына каратканды да койдум. Күн бою балдарым менен ойноп, кылыктарын сүрөткө, видеого түшүрүп, өз колум менен тамак берип, жуундуруп бошобойм. Мен бул жашоодон эми ырахат алып, бактылуу жашоого эми жеткенимди билдим. Жалгыз жанымды калкалап, жалгыз жанымды эркелеткен болуп куру кетирген жылдарым үчүн ичим туз куйгандай ачышты. Ошондон баштап мейли, үч жыл жашайын, мейли, беш жыл жашайын, жаңы сезип жаткан бактым менен жашоонун ырахатын көрүп алайын деп калдым. Бактылуу жашай баштадым. Баары сонун, баары ордунда, бир гана өмүрүмдүн кыскалыгын ойлоп айлам түгөнөт.

***

Бул оору менин жакшы ойлорумду гана булгабастан, жаркылдаган жамалымды да булгады. Беш жылга чукул убакыт ичинде бир тал чачым калган жок. Эки кат болгон арыктыгымдан уялчу болдум. Кимден дебейсизби? Күйөөмдөн. Жараткан мага күйөөлөрдүн эң жакшысын буюрган экен деп ыраазы болом. Аялдын ооруганын Нурланчалык көтөргөн эркек саналуу гана. Менин оору менен алышып, ай сайын канча миңдеген сом менен дарыланып, ага бир тыйын пайдам тийбей калган беш жыл ичинде мага болгон мамилесин кылдай да өзгөрткөн жок. Алгач таанышканыбызда кандай сыйласа, азыр да ошондой сыйлайт, эки наристебизди жарыкка алып келгенимде кандай кам көрүп караган болсо, азыр да ошонусунан жазбайт. Канча бир жолу: “Мен жок болгондон кийин эмне кыласың?” — деп сурап, бирок жооп ала алган жокмун. Башында көңүл үчүн деле «башкага үйлөнбөйм» деп койсо боло деп таарынып калчумун. Кийин ойлонуп олтуруп менден кийин жакшы бирөөгө кезигип баш кошуп алса экен деп ойлоп калдым. Алдыда канча күнүм калды, билбейм, билгим да келбейт. Бирок мен жолдошумду, балдарымды түбөлүккө таштап кетчү күн жакын калганын сезип турам. Андыктан мен бул жашоодо, бул үйдө, күйөөмдүн койнунда жок болгон кезде баары бир менин ордумда бирөө болушу керек. Менин ордумда бирөө балдарыма эне, жолдошума жар, бул үйгө келин болушу керек. Болот. Анан ал менин асыл адамдарыма кандай мамиле кылат деп санаам бөлүнөт. Акыры жолдошума жакшы жарды өзүм таап берейин деген жыйынтыкка келдим.

Албетте, эч кимди өзүмдүн ордума татыктуу дей алган жокмун. Бирок жолдошума жакшы кам көргөн, балдарыма жакшы тарбия берген аял боло алат деп эки аялзатын көңүлүмдө болжоп жүрөм. Оюмда алардын улам бирине жолдошумду, балдарымды табыштап атканымды миң кайталай берем. Аз калган өмүрүмдө бир кылган жакшы ишим, балким, ушул болор деп ойлойм. Ушунча ойлонгон соң аягына чыгайын, жаза тайып жетишпей калбайын деп жолдошума бул тууралуу айтууга канча жолу камындым. Бирок батынып айта албай койдум. Аны аядым. Өзүмдү аядым. Макул, жолдошума айткан күнү да тиги келиндер мени кандай кабыл алышар экен? Деги менин бул кылганым туура болобу?.

Булак: Леди кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here