Чагылган: ӨКМге караштуу Авиациялык ишканасынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалганы белгилүү болду.   Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына Бишкектин тургуну аталган ишкананын жетекчилиги 25 миң долар талап кылып жаткандыгы боюнча кабар берген. Ушундан улам атайы опреациянын негизинде  1-июнь күнү бул ишти иликтөөнүн натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиациялык мекемесинин директору, директорунун орун басары жана юристи 8 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here