Академик, врач-ортопед Сабырбек Жумабеков, социалдык тармактарга чыккан, анын ичинде «Чагылган» сайтына да жарыяланган  Гульмира аттуу айымдын оор акыбалын көрүп, аны өзү акысыз текшерип, даарылоону чечкени белгилүү болду.  Ал маалыматты соцтармакка чыккан видеороликке Сабырбек Артисбекович өзү комментарий катары жазган:

-Мен Венада Конгрессте жүрүп видеону көрдүм. Жүрөктү оорутат. Менин бейтапканама алып барсаңар, жаткызып, текшерип даарылап беребиз. Бүт баары бекер болот. Орун басарым Кубатбеков Алмаз күтүп алат. Мен ишемби күнү барып калам. Колдон келишинче жардам берем. — деп жазды Академик.

Боорукерлик, кайрымдуулук — эң улуу сапаттардан экени эч талашсыз. Биз ушинтип бири-бири-бизге кол сунуп, бири-бирибизди боорубузга тарктанда гана өнүгөбүз, өсөбүз, алдыга жылабыз. Биз да Сабырбек Артистбековичтин ишине ийгилик каалап, Гүлмира эжеге чың ден-соолук каалап, тезирээк сакайып кетишин тилейбиз!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here