Ысык-Көлдүн Түп районунда мыйзамсыз дааватка чыккан 9 адам УКМКнын райондук бөлүмү менен Түп РИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга милициядан кабарлашты. Маалым болгондой, кармалгандар Чүй жана Нарын облустарынан келишкен.
«Өздөрүн йакын инкарчылар деп атагандарга Түп районунун имамы Бакыт Кайкиев түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бирок, алар өз ойлорун бербей коюшту. Алардын арасында айрымдарынын паспорту жок экен. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын даават бөлүмүнөн дааватка чыгууга атайын берилген уруксат кагазы да жок болуп чыкты. Баарынан өкүнүчтүүсү, кармалгандардын арасында 17 жашка жаңы чыккан өспүрүм дагы бар экен. 9 адамдын ар бирине 500 сомдон административдик айып салынды. Андан башка жаза мыйзамда каралган эмес.
Былтыр дагы ушундай эки топту кармап, айып салып, кайра жашаган жерине жөнөткөнбүз», — деди 10-бөлүмдүн башчысы Майрамбек Султанов.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here