Акция «Дени сак аял — дени сак улут» урааны алдында өткөрүлдү
Борбор калаада «Дени сак аял — дени сак улут» урааны алдында «Кызыл көйнөк» акциясы бөлуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага биринчи айым Раиса Атамбаева, вице-мэр Айгүл Рыскулова, дарыгелер, студенттер жана акцияны колдогон калаа тургундары катышып, Курманжан датканын эстелигинен баштап эски аянтка чейин жөө жүрүш жасашты.
«Акциянын алкагында дарыгерлер катышуучулардын кан басымын, жүрөгүн, кандагы канттын деңгээлин жана өз салмактарын бекер өлчөп берди. Ошону менен бирге туура тамактануунун эрежелери жазылган баракчалар тапшырылды. Мындан сырткары адистер ден соолукту чыңдоочу тибет гимнастикасы боюнча көнүгүүлөрдү көрсөтүштү», — деп айтылат маалыматта. Кыргызстан аялдардын саламаттыгына кам көргөн «Go red for women» дүйнөлүк кыймылына кошулган.
Булак:sputnik

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here