Чагылган:  Кыргызстандык жаш режиссер жана оператор, айтылуу режиссёр Темир Бирназаровдун окуучусу  Аманбек Ажыматтын «Физрук, алтын, дарыя» аттуу даректүү тасмасы «Хронограф» эл аралык фестивалында мыкты болгонун Кинематографты колдоо фондусу жар салды. КуАзамат деп, далыга таптап куттук айталы.  Иш-чара 25-31-май күндөрү Молдованын борбору Кишиневдо өткөн. Даректүү тасмалардын фестивалы  ушуну менен быйыл 14-ирет өткөнү айтылууда.  Бул кинофестивалдын калыстар тобунда  Кыргызстандын атынан  Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев дагы болгон. Чынында бул даректүү тасма Аманга чоң ийгиликтерди алып келди. Бул кинонун арты менен бир топ өлөкөлөрдө болуп өткөн абройлуу кино фестивальдарга катышып, байгелүү орундарга татыды. Андан кийин да бир катар даректүү кинолорду тартты. Эмесе, буга чейин, тагырагы 1-2 жыл мурун дал ушул «Физрук, алтын жана дарыя» деп аталган тасма тууралуу бир аз кеңеири жазлыган макаланы төмөндө окуйлу.

Амандын алгачкы ийгилиги

Акыркы жылдары кино жаатындагы жаш режиссёрлордун жаратып жатышкан ийгиликтерине кубанбай коюуга болбос. Андай жаш режиссёрлордун катарында Аман Ажыматов да бар. Ал алыскы чокусу асман тиреген Теңир-Тоонун койнунда төрөлүп, атактуу Нарын дарыясынын күркүрөгөн шарын күн-түндөп тыңшап, анын керемет – касиетин өзүнүн жан дүйнөсүнө сиңирип эр жетилген. “Ааламга жол айылдан башталат” –деген сөздү ураан туткан эмгекчил, өжөр жигит десем жаңылышпайм.

Аман мырзанын, кино дүйнөсүнө аралашканына ашып кетсе 3-4 жыл болуптур. Ал алгач Бишкектен  кино эмес, башка багыт боюнча билим алгандан соң, белгилүү режиссёр Темир Бирназаровдун курсунан окуп, кино дүйнөсүнө аралашып, Бирназаровдун “Тазар” кино компаниясында монтажёр-оператор катары эмгектенип келет. Ал бир катар толук жана кыска метраждуу, ошондой эле даректүү кинолорго операторлук кылып, монтаж жасап, тажрыйба топтогон. Ал оператор жана үн режиссёрлук кылган мыкты кинолордун бири өзүнүн устаты Бирназаровдун “Кумар” аттуу белгилүү киносу экенин айта кетишибиз керек. Айтмакчы, бул кино да жергиликтүү жана Эл аралык көптөгөн фестивалдарда жеңишке жетишип, ушул кезге чейин жалпы прокатка чыкпай, коомчулуктун бүйүрүн кызытып, чыдамсыздык менен күттүрүдү.

«Физрук, алтын жана дарыя» тасмасынан кадр

 

Аман мырза 2014-жылы эч кимден жардам сурабай эле, өз күчү менен “Физрук, алтын жана дайра” деген аталыштагы 28 мүнөттүк автордук  даректүү кино тартты. Көркөм жетекчиси жана продюсери. Бул кинодо Нарын районунан Таш-Башат айылындагы жашоочулардын турмушун чагылдырган. Коомчулукка белгилүү болгондой Нарын районунан бир катар айылдын тургундары көп жылдардан бери кылымдарды карыткан Нарын дайрасынан алтын чайкап, жан багып келишет. Бирок мундай көрүнүш мындан бир нече жыл мурун көбүрөөк кездешсе, кийинчерээк азайып баратканы айтылат. Ал эми аталган кинодо Таш-Башат айылында мектепте физкультурадан сабак берген мугалим 5 миң сомдук айлык менен үй-бүлөөсүн багуу жана насыяга сатып алган үйүнүн акчасы кыйын болгондуктан, бир, эки жолдошу менен кыштын кыраан чилдесине карабастан, денеге суу өткөрбөгөн атайы кийим кийип, белинен суу кечип, кум-таштарды күрөк менен сузуп чыгып, электен өткөрүп, анын арасынан көзгө көрүнбөгөн алтындын күкүмдөрүн издешет. Таңдан кечке тапкан алтынын дүкөнгө өткөзгөндө, анысы болгону 200-300 сом болот. Ал акчага арзыбаган азык-түлүк алып, үчөө бөлүшүп үйлөрүнө “чоң олжо” менен кайтышат. Күн сайын мына ушундай көрүнүш кайталанат. Албетте, бул эми оор турмуштун айынан келип чыккан муктаждык эмеспи. Ошондой болсо да, эч кимге жалдырабай,  үй-бүлөөсүн баккан физкультура  мугалими өз аракети менен жатып ичер жалкоолорго, бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеткендерге,  иш издемиш болгон кайсарларга чоң үлгү көрсөтүп жатканын эч ким жокко чыгара албайт. Эч кимге зыяны жок, ушундай таза, эмгекчил, кара жанын карч уруп иштеген адамдар турмуштун тең салмактуулугун кармап турат десек жаңылышпаспыз.

Амандын бул киносу кыргыз коомчулугун гана эмес, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүн кайдыгер калтырбай, бир топ терең ойго салып койгондой болду.  Болбосо бул кино жергиликтүү жана Эл аралык абройлуу кинофестивалга катышып, алдыңкы орундарды жана баш байгелерди багынта албайт эле. Алгач бул кино Кыргызстандан “Кыргызстан кыска метраждуу өлкөлөрдүн киносу” аттуу эл аралык фестивалды калыстар тобунун атайы байгесине татыган.  Ошол эле жылы Екатиренбург  шаарында өткөн “Кино проба” эл аралык кино фестивалында атайы байгеге ээ болгон. “Үмүт” аталышындагы Жаштар форумунун “Документалдуу кино” секциясында жеңүүчү аталган. Ал эми быйыл “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгын “Жылдын мыкты даректүү кино” номинациясы боюнча алган. Мындан тышкары,  Казакстандын Алматы шаарында жакында эле, так айтканда октябрь айынын этегинде өткөн студенттик “Басту” кинофестивалына катышып, баш байгени жеңип келди. “Физрук, алтын жана дайра” даректүү киносу багынткан бул ийгиликтерден тышкары, Россия, Украина, Сингапур, Германия, Румыния, Италия ж.б. өлкөлөрдө өткөн Эл аралык фестивалдарга катышып, калыстар тобу менен көрүүчүлөрдүн жылуу пикирлерине татыган.  Аталган кино  Болгарияда өтө турган Эл аралык абройлуу фестивалдардын бирине катышты.  Биз Аман мырзанын бул жалпы эле адамзатты кайдыгер калтырбай, ойго салган бул киносу Дүйнө жүзүндөгү Эл аралык кинофестивалдарга катышып, мыкты кинолордун катарын толуктап, баш байгелерди багынтып, Кыргызстаныбыздын желегин желбирете беришин каалайбыз! Амандын кино жаатындагы багынта турган ийгиликтери жана бийиктиктери алдыда деп ишенебиз. Айтмакчы, бул жигит быйыл “Рима” аттуу дагы бир даректүү кино тартты. Аталган кино да адам турмушундагы сейрек көрүнүштү чагылдырган, сезимдердин кылын черткен мыкты кино болоруна шек жок. Акырында айтарыбыз, элибиздин чыгаан режиссёру Темир Бирназаров акыркы жылдары өз билими менен тажрыйбасын өзүн кино тармагынан көргүсү келген каалоочулар менен бөлүшүп, окутуп келет.

Бирназаровдун Асел Жураева, Аман Ажыматов баштаган бир катар алдыңкы окуучулары эми минтип Эл аралык абройлуу фестивалдарда баш байгелерди багынтып, Кыргызстандын атын дүйнөгө даңазалап жатышканы кимди да болсо кубандырбай койбойт.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here