Чагылган: Башкы прокуратура Улутук илимдер академиясынын Суу жана гидроэнергетика боюнча институтунан 720 миң сом мамлекетке зыян келгенин жар салды. Аталган инстиутта 2013-жылдан ушул жылга чейин бир нече иштебеген адамды “иштейт” кылып алардын ордуна башкалар айлык алып келишкен. Буга ким жол берет? Албетте, жетекчилик да. Азырынча кайсы жетекчилик тууралуу кеп болуп жатканы тууралуу толук маалымат бериле элек. Негизи академияны ошол кезде  Эркебаев  (жакында эле кетти) каалагандай башкарып келди. Чоң деле өзгөрүү болгон жок. Мыйзамсыз иштерге жол бергени, былыктуу иштери бар экенин билгендер айтып жүрүшөт. 720 миң сом чекеси эле, азырынча билингени, билинбегени да толутра да. Эми анын баарын жакшылап казып, иликтеп койсо Эркебаевге кыйын эле болуп калышы толук мүмкүн. Кыйын болсо, болсун дейли…Себеби, элдин ырыскысына кол салгандар сөзсүз түрдө жазаланышы зарыл. Бизде болсо андай нерсе жокко эсе..

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here