Чагылган: Акыркы кездерде кыргыз эстарадасында чоң деле жаңылык жок. Анткени обон жазгандар да, музыка жазгандара да жалкоолукка алдырып коюп жатат. Аткаруучулар акындар менен, чоң обончулар менен дээрлик иштешпейт. Өздөрү эле ырды, музыканы да чала жазып алып, телпектеп ырдай беришет.  Ошондой ырларга да суктанган жаштар көбөйдү. Ушундан улам салмактуу ырчылар азайып, жеңил-желпи ырчылар абдан көбөйүп кеткени маалым. Ал эми Искеналиев болсо үнү укмуш болуп кетпесе да, ошол бутка чалынган жеңил -желпи, дөөрүп ырдашкан далай ырчылардан кыйла  жогору турат. Себеби, ал башынан Түмөнбай Байзаков баштаган алп акындардын ырларына обон жазып, жакшы аткарып келет. Бирок биздин ырчыларда чет элдик ырчыларды жарашса да, жарашпаса да туурай бермей жаман адат бар.  Искеналиев да бул жаңы ырында жакшы эле туураптыр, окшоштурганга аракет кылып. Окшошкон, же  окшошпогонуна өзүңүз баар бериңиз.

https://www.youtube.com/watch?v=MGeR4_USSS8

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here