Гүлмира Болотбекова, 48 жашта. Үч баланын апасы. Жолдошу каза болгон. Гүлмира эже 2006-жылы инсульт болуп ооруп, 2007-жылы жол кырсыгына кабылып 2 кабыргасы сынып, омуртка сөөктөрү жылып кеткен. Буга чейин көкүрөгүнөн коркунучтуу шишик пайда болуп операция болгон, бирок ал шишик ургаачысы болгондуктан азыркы кезде кайрадан бут денеге таркап кеткен.  Оордун жабыр тарткан Гулмира эже:

Денемдин баардык жери ооруп, катуу кыйналганда күчүмдү байкуш балдарымдан чыгарам. “Кайрат, мени тургуз, эшикке чыгар, кайра киргиз…Кайрат, муну кыл, аны кыл… Баламды да абдан кыйнап жибердим окшойт.  “Апа, орозо кармайм” дейт. Эмнесине, кантип кармайт, үйдө жыргаткан кыпындай тамак-ашыбыз болбосо… Анан кантип карандай чай менен орозо кармайт? “Алдыңа кетейин, Кудай деле көрүп турат, кечирээр…Орозону кантип кармайсың” дедим. Квратирага акча таппай майыптык коляскамды саттым -дейт…
Кийинчерээк бөйрөгүнөн да операция болуп ден-соолугу начарлап, жумушка жарамдуу болбогондуктан, кээде кайыр сурап тамак-ашка акча таап, 3 баласын жалгыз өзү тарбиялап келген. Азыркы учурда башында шишик пайда болуп, оорусу күчөп, денесин да шишик басып басалбай дарыланууга каражаты болбой келет. 3 баласы менен бир комнаталуу чакан жер үйдү ижарага алып жашап келишет. Оорусу күчөгөндөн улам балдарына тамак-аш тапканга, алардын кийим-кечесин жууп, жетиштүү тарбия бергенге алы келбей, оорусу  күчөгөндөн улам балдарына тамак-аш тапканга, алардын кийим-кечесин жууп, жетиштүү тарбия бергенге алы келбей, оорусу менен алек болуп туралбай калды. “Ооруга чыдабай өлүп калгым келет.., бирок, балдарым жетим калбасын деп жашап келем”-дейт көзүнө жаш алып ыйламсырап. “Көп учурда убагында тамактанганга мүмкүнчүлүк болбой, ачкалыктан башыбыз айланган күндөр болду”- дейт. Чон баласы аз кандуулук менен ооруп, а кичине баласы курсагы жакшы тойбогондуктан көп ыйлайт экен.

https://www.youtube.com/watch?v=Ofk1GOluWA0&feature=youtu.be

Гулмира эженин телефон номери: +996 709 272 480, +996 709 212 220

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here