Чагылган:  ЖКнын 5-чакырылышынын депутаты болуп, жакшы маселелерди көтөрүп, өзүн элге көбүнчө жакшы жагынан таанытып, бирок ошол кезде  бийликке болгондо да өлкө жетекчилерине катуу сын айта коём деп, кийинки чакырылышта бир да партияга кире албай калган (көпчүлүк партиялар аны кошпой койгон, жогорку жактан көрсөтмө ошондой болду деген да кептер айтылган) экс — депутат, «Жаңы Доор» деген партиянын төрагасы Улукбек Кочкоров «Марал» радиосунда маек куруп жатып, угурмандын: «Президенттике чык, биз сени колдойбуз»  -деген суроосуна: «Бул маселе боюнча пргогрессивдүү жаштар ойлонуп, сүйлөшүп жатабыз. Бирөөнө токтолуп, ошону алып чыгабыз»- деп жооп берди. Бул жагы азыраак болсо да түшүнүктүү болуп калды окшойт. Демек, ажо болом деп талпынгандардын катарына Улукбек Кочкоров кошулуп калса, таң калуунун кажети жоктур. Себеби, ошол жаштар дал ушул Улукбек мырзанын азыдыр-көптүр аты бар, булганбаган деп, таза талапкер катары көрсөтүшү толук мүмкүн. Бирок Кочкоровду бир топтор жактырганы менен жалпы коомчулуктан колдоо табышы кыйын. Каражат маселеси да аз. Болбой калды дегенде соодалашуу деген жакшы ыкма бар саясатта, аны эстен чыгарбоо абзел. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here