Чагылган: Ысык-Көл районунда (жаңылбасак Түптө) жакында 9-калсстын окуучусу  өмүрүн кыйган. Бирок бул тууралуу ЖМКларга чыккан деле жок.

Өздүк булактарга караганда ал окуучу телефон азгырыгынан улам өз өмүрүнө кол салгандыгын, балдарга телефон деген азгырыкты бербегиле деп айтышкан. Ал маалыматты айткан адам өз өмүрүнө кол салган балага тууган болуп, акыркы сапарга узатуу зыйнатына барып келген экен.

Ал эми Ысык-Көл милициясынын маалыматы мындай:   ал өспүрүмдү таятасы багып алган, себеби, өз ата-энеси ажырашып кетишкен. Бала ошол күнү: » түшүмө атам кирип жатат» деген сөздү айтып сарайга  барып асынып алган. Кыскасы, бул маалымат эки ача болууда. Эмнеси болсо да, жаш балдарга жакшылап көз салбаса, акыркы учурда ушундай окуялар абдан эле көбөйүп баратат.  Телефон оюндарынын азгырыгы да бир топ балдардын башын жутуп жатканы тууралуу да  үрөй учурган фактылар көп

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here