Төрт күн мурда Жалал-Абад шаардык кеңешке депутат болчулардын шайлоосу өткөрүлдү. Анткени мурда шайланган депутаттар ыркы келишпегендиктен  тарап кетүүгө дуушар болушкан. Негедир ар бир фракциянын лөктөрү мен кыйынмын дей беришкени кайрадан шайлоо өткөрүүгө мажбур кылган.

Биринчи орунду камсыз кылган “Өнүгүү” партиясына тогуз,  экинчиликти эңип алган КСДП чыларга сегиз  мандат бериле турганы айкын болду. Башка партиялар төрттөн, үчтүн мандатты алышаары деле айтылууда.  Арийне, эми шаардын мэрлик оруну талашка кайрадан түшөөрү шексиз. Ошентсе да ишти алдыга жылдыра алчу азамат келсе оң болмок. Андай кадр катары Салайдин Авазовду  туура көрүшөөрүн да шаардын элинен уктук. Демек, ушул кадрга депутаттар буйдалбай добуш беришсе калыстык болорун айта кетели. Чынында бир короодон жарабаса деле “кочкор” сала бергенден шаардыктар утушка ээ болбосу анык. Ошондуктан терең ойлонуп мэрлик кызматты татыктуусуна берүү бап келмек. Буга чейин деле Салайдин мырза өзүнүн чечкиндүүлүгүн, алысты көрө аларын, мекенчилдигин айгинелей алган.  Бөлүнбөй эле ушундай жол менен бир пикирге келүүгө ким жолтоо болмок?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here