Эми Өмүрбек мырзанын эски таржымалын эстеп көрбөйлүбү? Убагында ишкер Валерий Хонго тиешелүү нефтибазаны тартып алганын билебиз. Анан ал өз укугун талашып, сотко кайрылганда, өзүнүн адамдары аркылуу ур-токмокко алдыртканы да убагында бир топ чуу болгон. Ал эми АКБ «Кыргызстанды» кандайча тартып алганын анын ээси Шарипа Садыбакасовадан сурасаңар кеңири айтып берет. Же убагында чуулуу болуп жазылган ошол макалаларга кайра кайтып баралыбы? Биз даярбыз. Шарипа апа 2013-жылдын 11-апрелинде “Учур” гезитине курган маегинде Өмүрбек Токтогуловичтин баскынчылыгын ашкерелеген. Төмөндө маекти эч өзгөртүүсүз сунуш кылабыз. “Мен баскынчылыкты жаман көрөм, эл үчүн иштейм. Коррупцияны жоелу, ишкерлерге шарт түзүп бериш керек” деп шилекейин чачырата сүйлөп жаткан Бабановго ушундан кийин ишеним түп орду менен өчөт.

—Шарипа эже, коомчулуктун көңүл борборунда турган ызы-чуулуу банкыңыз тууралуу кеп баштайлычы? Бул эбегейсиз байлыгыңызга кандайча, кантип жеттиңиз эле?

—Банк системасы экономиканын өзөктүү кан-тамыры болгон мекеме. Эгерде банк системасы өз ишмердүүлүгүн татыктуу алып бара албаса, экономикада мүчүлүштөр, чабалдык өкүм сүрүп турат. Экономикасын өнүктүрүүгө багыт алган өлкө өзүнүн ички экономикасын өнүктүрөм (!) десе, банк системасынын курамын курат. Биз дагы ошол максатты көздөп, «өлкө экономикасына чоң өбөлгө болсун» деген максатта 1990-жылдардын башындагы базар экономикасынын шартына өтөөрүбүз менен мамлекеттин карамагында турган «Жилсоц» банктын негизинде «АКБ Кыргызстан» банкын алгачкылардан болуп акционердик кылып түзгөнбүз.

Биздин негизги максатыбыз — банкты базар шартынын ыңгайы менен Кыргызстандагы ички ишкерлерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү менен банк системасынын чыңалышына аракет жасоо болгон. Чындыгында биздин банк аркылуу өлкөгө чоң экономикалык салым кошуп жаткан ишкерлер өнүгүп чыкты. Алардын катарында «Дордой ассоциациясы», «Шоро», «Акун» компанияларын негиздешкен ири ишкерлер бар. Ошол кезде эле «АКБ Кыргызстан» өлкөбүздөгү алдыңкы таза иштеген белгилүү банк болуп турду. Филиалдары менен сбер-кассалары көп болуп, материалдык базасы абдан күчтүү, рейтинги бийик болчу. Мына ушундай жакшы, ийгиликтүү нерсе көзгө жакшы көрүнүп, байлык-бийликке тойбогондорду «эмне үчүн ушул менде эмес» деп кызыктырат турбайбы. Ошондуктан, бул банкты алууга Кыргызстандан тышкары, Россиядан, Кореядан, Азербайжандан бери келип, сатып алууга далалат кылып келгендер болгон. Бирок, биз айрым акчалуу күчтөргө азгырылып, сатып жибербей, өлкөбүздөгү ири банкыбыз менен экономикабызга салым кошуп, банктын тегерегине 4 миң акционер топтогонбуз.

—Мындай ири банкты бийликтеги Айдар, Максим деген эрке талтаңдар менен «кылмыш дүйнөсүнүн» өкүлдөрү суроо-сопкутсуз, бийликтин өкүмзаарлык иши менен менчиктеп алышканы ачыкка чыккан учурлар болгон. Сиздердин банк деле жогорудагыдай бийлик-байлыктын «ач албарстыларынын» тумшугуна илинсе керек?

—Бакиевдин учурунда баласы Максим бир нече ирет биздин банкты сатууну өтүнүшкөндө, биз «отказ» берип, банкыбызды «өлкө экономикасы менен эл үчүн иштетебиз» деп баш тартканбыз. Ушундан кийин бизге бийлик тараптан акырындан «кысмакка алмай» саясаты башталып, Улуттук банк жана баалуу кагаздарды тескеген кызматтар аркылуу бизге ыксыз текшерүү жөнөтүшүп, колдорунан келишинче бизди «чалып жыгууга» аракет кылышты. Биздин банктын экономикалык «коргонуу системасы» бар болчу. Ошонубуз күчтүү болгондуктан, банкыбызды көп солкулдата алышкан жок. А бирок, тынымсыз чабуулдар, ыксыз текшермейлер өтө көп болуп жатты. Муну эл, айрыкча кардарларыбыз жакшы билип калышкан.

—Акционерлердин катарында ири чиновниктерден бар беле? Болсо кимдер эле?

—Чиновниктерден Аскар Салымбековдун банкта 30% үлүшү бар болчу. Бирок, Аскар 2006-жылы өзүнүн банктагы 30% үлүшүн ошол кездеги депутат Өмүрбек Бабановго мыйзам бузуу менен сатат. Эреже боюнча Салымбеков акцияларын сатарда акционерлерге кат жүзүндө кайрылыш керек эле. Аскар иним антпестен, капысынан эле Бабановго сатып жиберген. Балким булардын мындай соода-сатык келишиминде өздөрүнө белгилүү кызыкчылык болгондур. Мен аны билбейм. Мыйзам боюнча мындай шартта Улуттук банкка кайрылышы керек эле. Ошону менен катарыбызга акционер болуп, Бабанов келди. Бабанов акционер болуп келээри менен бүтүндөй банкты «өзүм ээлесем» деген оюу бар экен. Башында мындай оюн айтпаганы менен бир жолу мага «эже, 30% үлүшүмдү албайсыздарбы?» деп ооз эки сунушун киргизди. Андан өзүнө тиешелүү акцияларды канча суммага алганын сурасам, 2 миллион долларга алганын, бизге 5 миллионго пулдай турганын айтты. Биз, акционерлер ал каражатты чет өлкөдөгү банктардан кредит сурап, сүйлөшүп койсок, Бабанов башта айтканынан айнып калганын айтып, өз үлүшүн 7 миллионго сатарын билдирди. Ушул жерден мен ага «эми өзүңө буюрсун» деген тилек айтып, бул жөн эле бизди ойнотуп жаткандыгын түшүндүк. Ошондон тарта менин үстүмдөн арыздар, ыксыз текшерүүлөр болуп, иш козгоп да жиберишти. Сонун иштеп жаткан банктын ишин солгундатышып, жамаатты экиге бөлүп жиберишти. Экономикабызга эбегейсиз тирөөч болуп турган банк акыры бир Бабановдун айынан кыйсыпыр түшүп, чак-чалакейи чыгып, мекеменин ишмердүүлүгү соолгундап кетти.

—Бабановдун мындай ээнбаштыгын тыюу үчүн тиешелүү органдарга же бийлик жетекчилерине кайрылган жоксузбу?

—Ошол күндөрдүн биринде Ак үйдөн маркум Медет Чоканович чакырып, «Шарипа эже, аман-эсен тынч жүрүңүз, балдарыңыз жаш экен» деп, эки сунуш айтты. Биринчиси, «Ак жол» партиясынын тизмеси менен депутаттыкка талапкер кылдык» дегенде, өзүбүздүн партия менен шайлоого аттана турганыбызды айтсам, «саясат деген ыплас, аброюңуз сынып калышы ыктымал, жөн эле коюңузчу партияңызды» деди. Мен партиялаштарым менен кеңешүүгө кетсем, эртеси телефон чалып, «9-ноябрда телени көрүп коюңуз» деди. Белгиленген убакта телевизорду көрсөм, «Ак жолдун» тизмесинде жүрөм. Мен ал убакта али арыз жазып, эч нерсе кыла элек болчумун. Ошондо Садыркулов «эже, «Ак жолдун» курамында эл-журтка күйгөн, патриот банкирлер жок, сиз банк системасынын таламын талашып, бизге кеңеш берип туруңуз» деди.

—А Садыркуловдун экинчи сунушу эмне болду?

—Анын экинчи сунушу ачык эле «банкты берип кутулгулачы?» деп айтып, биздин банктын директорлор кеңешинин төрагасы болгон экс-депутат Нурлан Койчубаков экөөбүздү Максим Бакиевге алып барды. Барсак, Максим бала Койчубаков экөөбүзгө «банктагы акцияларыңардын баарын Бабановго саткыла» деп ачык эле айтты. Ошондон тарта мага Максимдин досу Елисеев тынбай келип, айтор, жанымды койбогондуктан, акыры Бабановго сатууга аргасыз болдук.

—Бабанов «банкты иштете албай калдык (!) деп жалдырап келишкенинен банкын алып койгом» деп жатпайбы?

—Тап-такыр андай эмес. Чындык деген башкача. Чындыкты далилдей турган факты менен документтелген цифралар бар. Биздин банк өлкөдө жакшы жагынан үлгүлүү болгон абдан мыкты мекеме болгон. Биз Бабановго өткөрүп берген акт жана баланс боюнча төмөндөгү цифралар чагылдырылган: Биз Бабановго банктын 30 филиалын жана сбер-кассалары менен 74 ар кандай багыттагы структураларын жана 550 миллион сомду өткөрүп бергенбиз. Мына сиздин алдыңызда жаткан баланс боюнча 30-июнь 2008-жылга карата банктын активдери 2 миллиард 124 миллион 540 миң сомду түзгөн. Анын ичинен 471 миллион 477 миң сом накталай акчалар Улуттук банктагы «АКБ Кыргызстандын» эсебинде турган. Ошол 30-июнда бөлүнбөгөн киреше 132 миллион 147 миң сомду түзгөн. Ал эми банктын 6 айдагы кирешеси 35 миллион сомду түзгөн. Улуттук банк талап кылган экономикалык нормативдердин бири дагы солгундаган эмес. Ушул цифраларды далилдеген ошол кездеги Бабанов дайындаган башкармалыктын төрайымы Жээнбаеванын «ушунун баарын өткөрүп алдым» деген колу турат. Мындан башка наркы 80 миллионду чамалаган ар кандай тээ региондорго чейин жайгашкан банкка тиешелүү имараттарды өткөргөнбүз. Банктын ошол кездеги кудуретин далилдеген дагы бир мисалды айтып коеюн. «АКБ Кыргызстан» мамлекеттин кепилдиги жок ЕБРР жана GFW (немец банкы) ушул банктар бизге инвестицияларды берип, жыйынтыгында биздин банк майда жана орточо бизнестеги ишкерлерди көтөрмөлөп, 11% менен кредит берип турганбыз. Ошондон көп ишкерлер өздөрүнүн ишмердүүлүгүн чыңдай алышты. «АКБ Кыргызстан» улуттук төлөмдүүлүк системасын чыңдоо боюнча «Элкарт» менен иштөөгө далай мекемелерди топтоп, банкоматтарды орнотуп, айтор, бул иш боюнча лидер болчубуз. Ошондой эле виза боюнча мүчөсү болуп иштеп жатканбыз. Жогорудагы сандар эле айтып тургандай, иштелбей калган банкта ушундай акча, мүлк болобу? Иштебеген банкта жогорудагыдай эл аралык система орнотулабы? Ушул далилдерден кийин, кимдин калпын, кимдин чынын окурмандар өздөрү далилдеп алат да. Мен жаш жигиттин деўгээлине түшүп, өйдө-төмөн сөз айткым келбейт. Силерге далил үчүн балансты чагылдырган цифраларды колуңарга карматтым. Бул маалыматтарды ошол учурда маалымат каражаттарына өздөрүнүн колу менен даярдашкан. Бул кезектеги Бабановдун шоусу. Ошентип банкка тийиштүү баардык мүлктөрүбүздү мыйзамсыз тартып алышкан соң, бизди «Аман-Банкка» жөнөтүштү.

—Бабанов «Садыбакасованы «Ата Мекен» партиясы курал кылып, менин банкымды адаттарынча мародерчулук менен алгылары келип жатат» деп коңгуроо кагып жатканына негиз барбы?

—Бабанов менен «атамекенчилердин» кармашына комментарий бере албайм. Мен экономистмин. Такталган сандарды гана айтам. Бабанов менин жашымды абдан тактап айтыптыр. Мунусуна чоң рахмат. Бабанов да менин жашыма жетишине тилектешмин. Эл алдында менин жүзүм жарык. Буга чейин менин аркамдан канчалаган жаман, ыплас сөздөрдү чыгарышты. Ошондой жаман сөздөрдүн бири да далилденген жок. Мен Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышына депутат болгон адаммын. Өмүрбек инимди өлкөнүн премьер-министри болуп, мамлекеттин, элдин тагдырын чечүүгө бел байлап, өзүнүн адамдык сапатын, билим-курамын ушул максатка арнап, абройлуу акыйкатчыл болуп, өлкөнүн деңгээлин, элдин үнүн, кыргыз элинин түптүүлүгүн, нарктуулугун кошуна мамлекеттерге далилдей алса экен деп тилегем. Көрсө, андай эмес тура. Аттиң ай…

—Сиздер мындан ары Бабанов менен кандай максатта күрөштү улантасыңар?

—Биз «баардык иш-аракет мыйзам алкагында болсо экен» деп турабыз. Бирөөлөрдү калп жеринен каралап, жаман атты кылуу оюбузга да келген жок. Жөн гана чындык далилденип, ушундай «мыйзамсыз, өзүм билемдик, зөөкүрлүк» иштерге жол берилбей, аткаминер жаш балдарыбыз таза жүрсө деген эле ой.

—7-апрелден соң, эмне үчүн бул иштерди жандандырбай, азыр көтөрүп жатасыңар?

—Буга дейре маалымат каражаттары аркылуу колубуздан келишинче бул иштер боюнча Бабанов менен коомчулукту кабардар кылып, «Өмүрбек өкмөт башчы, журт атасы болду, эми бул чоң жоопкерчилик, ошол жоопкерчиликти сезип, маселеге кайрылып, карап, чечимге келээр, эми ойлоноор» дедик да. Премьер-министр -саясый кызмат, бул биздин өлкөнүн жүзүн, карым-катнаш маселесинде кыргыз мамлекетинин чоң саясый өкүлү премьер-министр болуп турган адамдын аброюна шек келтирүү — мамлекеттин өзүнүн аброюна шек келтирүү менен барабар катары түшүнөм. Ушул максатты, ушул жүктү өзү түшүнсө болмок. Ошондуктан, кыргыз мамлекетин, кыргыз мамлекетинин премьер-министри деген кызматты сыйлап, ушул маселе менен эч кандай шек жараткыбыз келген эмес.

Бабанов 4%дан кредит алып, элге 20% үстөгү менен таркатабы?

Биз анын премьер кезинде кийип турган костюм-шымы, галстугунан башка эч нерсеси жок туруп эле, эми «Мен миллионермин, биздин үй-бүлөнүн Москвада батири бар. Менин аялым бизнес менен алектенет. Менин атыма кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр катталган, дивидент алып турган акчалай каражаттар бар. Жылкылар тууралуу айтпай эле коеюн, албетте ал да бар», — деп мактанып отурганын түшүнгүбүз келет. Кандайча бат эле байып кетти? Албетте, биз анын бай экенин мурда эле билчүбүз дечи, бирок неге анда премьер кезинде бир да мүлкүн декларациясында көрсөткөн эмес? Эми минтип 17 млн. доллар кредит алганы ачыкка чыгып калганда колунан келишинче актанып, коомчулуктун көңүлүн башка темага бургусу келип турат. Муну экс-премьер-министр Темир Сариев да туура баамдап «Мен азыр да, мурда премьер болуп турганда да мурда премьер болуп кеткендер тууралуу жаман айтканга өзүмө жол берген эмесмин. Тескерисинче, дайыма алардын, алардын ичинен Бабановдун да ишинен позитивдүү жагдайды табууга аракет кылчумун. Бирок, ал өзүн башкача алып жүрүүдө. Кыязы, ошондой жол менен анын алдына коомчулук коюп аткан маселелерден элдин көңүлүн башка жакка бургусу келип атат окшойт. Байкалып тургандай, ага 17 млн. доллар жеңилдетилген кредиттин айланасындагы талаш-тартышка прессанын жана элдин көбүрөөк көңүл буруп жатканы жакпай атат», — дейт ал.

Туура, эл башкарам, мамлекетке башчы болом деген адам ириде элдин кызыкчылыгын ойлошу кажет. Ал эми Бабанов болсо адатынча шайлоо жакындап калганына да карабай өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын көздөп ири суммада кредит алып отурат. Ошол эле 17 млн. долларды башка карапайым адамдар ала алат болду бекен? Ала албайт. Себеби карапайым адамдардын Бабановдой жакын тууганы жок да.

Экинчи жагынан, Бабанов 17 млн. долларды 4% үстөгү менен алды. Ошол эле учурда ага караштуу “Кыргызстан” банкы карапайым калкка 20%дан ашуун үстөгү менен кредит таркатууда. Элди ойлогон саясатчы ушундай эки жүздүү болобу, ыя? Кокусунан эртеңки күнү мамлекеттин башына келсе Кыргызстанды дүңүнөн эле сатып жибербейт деп ким кепилдик бере алат? Ойлонолучу, замандашым, ойлонолучу, элим…

Кебибизди ушул жерден токтото туралы. Макалабыздын кийинки бөлүгүндө Валерий Хондун маалымат каражаттарына агынан жарылакурган маеги, Россияда ачкан цемент заводунун таржымалы сыяктуу кызыктарды кеңири баяндайбыз.

Булак: Мантыш

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here