Өткөн сандарыбызда “Жолчулардын жоругу” аттуу темада макала кеткен эле. Анда акыркы жылдары кол жоолуктай алмашкан Транспорт министрлиги, жолдун асман чапчыган баасы, иштөө мөөнөтү тууралуу кеп кылган элек. Мисал келтирели: Жолдун баасы алтынга тете болду го чиркин. Эсептөө палатасынын экс-төрайымы Элмира Ибраимованын маалыматы боюнча Кыргызстанда бир километр жолдун баасы 0,7 миллион доллардан 3,1 миллион долларга чейин экен. Бирок ушундай олчойгон каражат коротуп салдырган жолубуздун иштөө мөөнөтү болгону 5 жылга эле экен. АКШ менен Геманияда орточо 2,4 миллион доллардан 4,2 миллион долларга салынган жолдор 30 жылдык мөөнөт менен салынат экен.

Макала чыгаары менен көп өтпөй ырынан чыры көп, атагынан чатагы көп Транспорт жана коммуникация министрлигинин катчысы Кылычбек аттуу чыйрак жигит өзүнүн фейсбук баракчасына “Кыргызстандагы салынып жаткан жолдордун иштөө мөөнөтү 5 жыл деген чындыка туура келбейт, 18 жыл экендигин, ошондой эле эсептөө палатасынын экс-төрайымы Эльмира Султановнанын Кыргызстандагы жолдун бир километри 0,7 миллион сомдон 3,1 миллион сом деген маалыматын калпка чыгарып, бизде 07,миллиондон 1,3 миллионго чейин деп, оозу-мурду кыйшайбай жазыптыр. Ал эле эмес өзүнүн шептеринин бири, Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин (бизге жөнөткөн каты турат) Бишкек-Кара-Балта жолунун бир километри 1,5 миллион доллардан салынып жатканын калп дегиси келеби? Ошондо “Каттаси” калп айткан болобу же катчысыбы? Же эмне Бишкек-Кара-Балта жолу Кыргызстанга тиешеси жокпу? Деги эле бир нерсе жазаарда “чыйрак” катчы ойлонсо болмок экен оңду-солду урдура бербей.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here