«Жер үй» алтын кени жакында ишке кирет дегенден бери кыйла мезгил өттү. Бул алтын кенди Өмүрбек Бабанов орусиялык ишкерге ортомчу болуп алып бергени айтылып келет. Бирок 100 миллион долларга алынган лицензия Лондондо 600 миллион долларга сатылып кеткени боюнча маалымат массалык маалымат каражаттарында жазылып жатат. Калып-чынын мезгил таразалаар. Айтайын дегенибиз, «Жер үйдү» саткандан түшкөн 100 миллион долларга 100 мектеп салынат деген убададан эмдигиче дайын жок. Андан бери 4 жыл өттү. Ким жооп бериши керек? Бабанову же Өкмөтпү? Ошентип 100 миллион кумга сиңген суудай жиги билинбей калабы?

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here