Асылбашева Раиса, Республикалык гинекология борборунун башчысы:

-Республикалык гинекология борбору, кечээ күнү  «Чагылган» сайтына жарыяланган «Элдик кабар: Балыкчыда  акушер төрөтөм деп баланын башын жулуп алган» деген аталыштагы материал боюнча тактоо үчүн кабарчыларыбыз Саламаттык сактоо минитсрлигине кайрылган. Минитсрлик  Балыкчы шаардык төрөтканасына сурамжылоо жөнөткөндүгүн билдирген.

Жыйынтыгында: аталган мекеменин башчысы Раиса Асылбашеванын айтымында, Балыкчы шаардык төрөтканасы борбордон жиберген сурамжылоого(опрос): «Мындай башы жулунуп төрөлгөн наристе тууралуу факты катталган эмес. Жакынкы арада ымыркайлардын да каза болгондугу катталган жок» — деген жооп жибергендигин айтты.

«Эгерде сиздерге маалымат берген тарап, жабырлануучу келиндин аты-жөнүн тактап берсе, дагы иликтейт  элек.  Болбосо, келиндин аты, арыздануучунун аты-жөнү такталса териштирүүгө бизге да негиз болот эле», — деп айтты Асылбашева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here