Анда окуя төмөндөгүчө.

Атым Нургүл  жолдошум менен баш кошконума 7 жылдын жузу болуп калды. Алгач экообуз баш кошкондо жолдошум бир ресторандын скалад башчысы  болуп иштөөчү. Жаны үйлөнгөндө ата  — энесинин батасын  алып эле Россияга эл катары  жумушуна кеткенбиз. Кайнагам болсо айылда эле калган. Барсам абысыным  бирге чыккан баласы  нянкасы, өзүнүн эжеси синдиси менен турушат экен.  Биз келээрибиз менен эле жолдошум ишине кетти мен уйдо калдым. Үйдө эртеден кечке  тамак жасаймын түрлөп башка кыла турган ишим  жок.  Беш алты күн өтүп  жолдошум 30000 сомдой акча алып келди, андан башка  бешикте 100000 акча бар экен кошуп катып кой деди. Мен айлык алдынбы десем ошондой десе  да болот деди. Бир жума  өтпөй дагы ошончо алып келди  аны дагы кошуп катып койдум. Ушундай иш төрт беш жолу болуп, ошол бойдон алып келгенин токтотту.

Ал эми  кайнагам келген жок, абысыным болуп эле туруп калдык. Абысыным деле аз сүйлөгөн аял экен.  Бир күнү эле  жашаган квартиранын ээси  бошоткула деп калды жолдошум башка квартира издей баштады. Мен алардын  жашоосуна аралаша албай өзүмчө жүдөп жүрдүм. Мен дагы көпчүлүк  менен жашасам жүрөгүм сыгыла берет.  Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп, өзүнчө батирге чыктык.. Кайненем да айткан өзүӊөрчө оокат кылгыла деп. Анан эле абысыным каршы чыгат биз чогуу жашайбыз деп. . Акыры өзүбүзчө чыктык. Абысыным калды кайнагам келген жок ошол бойдон. Мен эмнеге келбейт десем жолдошум аялында көңүлү жок экен деди.

Мен ортодогу баласын айтып, антип таштап кетпесин дедим.  Ошентип алар өзүнчө жашап калды. Көрсө менин жолдошум алардын батирин төлөп, продукту алып келип кеӊири багып жүргөн экен, ошого жиндери келиптир.  Жолдошум баштагыдай тез тез  акча алып келгенин токтотуп айлык  эле алып келип калды. Мен ошондо түшүндүм баштагы алып келгендери ( шабашка) экенин.  Алты айдан кийин досу  ресторон ижарага алып мен администратор болуп иштеп калдым. Бирок биз ойлогондой болбой жумушубуз алдыга кеткен жок анан мен кош  бойлуу болуп уйдо отурууга тура келди. Ресторан дагы жабылды.

Ошол убакта  баягы абысыным экинчиси боюнда болуп айына жетип  калыптыр.  Кайнагам биздин уйгө 18 миӊ доллар алып келип катып сала тургула деп таштап кетти. Абысыным көп товарларын бир туугандары менен алдыра турганын мен көрүп эле журдум. Алар Бишкекке кетип эсен аман көз жарды. Биздин чогулткан акчабыз 30 миӊ доллар болуп калды. Кайнагамдар кайнагасыныкында  туруп калышты квартиасы жок. Абысыным кээде жолдошума чалып  сурап коюп жатты. Анын үйүнө анча  барбаганы белгилүү болуп жатты. Менин жолдошум өтө ак көӊүл жан. Мен ойлодум «биз үй алсак деле агасынын үйү жок ошолор жашайт андан көрө алар алсын үйдү» -деп айттым. Бир күн  биздин акчанын жарымын бер да алар уйлуу болсун деп, анткени алардыкы жетпейт да. Ошентип кайнагамдар үй алышты, биз бердик акчаны. Кайра иштеп жаттык. Алар үйлүү болуп калышты, экөөтең үйдө бош. Анан менин да эсен аман көз жардым.

Кыркымы чыгарып келип кайра жашообуз уланып жатты. Анан кайнагамдар иштеп акча кайтаруу оюнда жок экенин тушундум. Башта деле жолдошумду кетели десем ынабай жаткан мен менин бир айлык зарпатаны ал жакта бир жумада табасын деп көндүрө албай жатканмын.  «Мен жашоодо арам акча менен жан  баккан жан эмесмин биздин Ата энебизге рахмат эмгекчил кылып бирөөнүн эмгегин жебегенди үйрөткөн»- деп айттым.  Акыры кулагын жеп  алдап соолап жатып алып кеттим өзүбүз  жакка.  Барып эле агамдар  бир местасын берди колубузда баягы калган жарым акчабызды аборотко салып иш баштадык. Мен балам  менен үйдө түштө барып козомолдоп турам агамдар, женемдер жолдошума кандай соода кылышты үйрөтүп жатты. Анан балам  чоӊоюп нянка алып жумушка чыктым  жарым жыл иштеп өзүбүз иштеген шаардан үй алдык.  Кайра экинчим  боюмда болуп, төрөдүм.  Экинчисин дагы торолтуп, нянка жалдадык. Бир жарым жылда  Бишкектин борборунан 3 бөлмөлүү  үй алдык. Эми жолдошумдун арзуусун аткаралы деп атасынын алтымыш жылдыгына иштеп жатабыз.

Эми менин айтайын дегеним биз алган  үйдү кайнагам менен кайненеме кышта шарда  тургула деп ачкычын  таштап келсек баягы жогорудагы айткан кайнагам менен абысыным көчүп кирип алыптыр , өздөрүнүн баягы үйүн таштап. Мен мейли жашай берсин дейин десем абысыным абдан балит аял, бардык кармаган тутканымы өлтүрдү го. Өзү  экинчисин чоӊойтуп Дордойго соодага чыгып, 2 жылдай иштеди. Бирок эч жыйынтыгы жок, же үйүндөбир сүргүсү жаныланбай журөт. Же кайнагам иштебегенинен өзү  катып сала береби түшүнбөйм. Жакында үчүнчүсүн төрөдү. Кайнагам ажырашам дегенинен бир туугандар үч балаӊ    бар деп айтып жатып токтотушту.

Россияга барып иштейин дегенге болбой абысынымдын соожа орунга иштетип көндүрдү. Азыр иштеп жатат биздин үйдо чардап кайнатамдарды кетирип ийип  жашап жатат, эмне деп айтышты түшүнбйй турам. Жолдошум бир ооз айтып көрөм эмне кылабыз айла жок дейт. Кенеш күтөм эмне кылсам, же унчукпай эле коеюнбу?

Каарманыбыз окуяны вотсап аркылуу Чагылган сайтына жиберген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here