1. Эгер көйгөйдү акча менен чечкенге болсо, анда бул көйгөй эмес – чыгаша.
  2. Адам – эң биринчи бактылуу, себеби кайненеси болгон эмес.
  3. Кудай адамга аз сүйлөп көп уксун деп эки кулак, бир ооз берген.
  4. Жаман аялдан кудай сактасын, жакшыдан өзүң сактан.
  5. Вино кирсе – сыр чыгат.
  6. Кудай бир убакта баардык жерде боло албайт, ошондуктан энени жараткан.
  7. Таттуу болбо – жеп салышат, ачуу болбо – түкүрүп салышат.
  8. Акчам жок деп баары кайгырат, мээм жок деп эч ким кайгырбайт.
  9. Эчкинин мүйүзүнөн, аттын туягынан, акмактын баардык жеринен корк.
  10. Билим көп жерди ээлебейт.
  11. Конок жана балык үч күндөн кийин сасып баштайт.
  12. Моюнуңа отургузгуң келбесе, жүгүнбө.
  13. Эки жамандыктан пессимист экөөнү тең тандайт.
  14. Аксак каттуу чуркап бара жатканын көргөн сокур жөнүндө дудук айтып жатканын дүлөй угуптур.
  15. Кудай кедейди жок дегенде кымбат күнөөдөн сактайт.
  16. Кайрымдуулук эч кимге кереги жок болсо баардык адамдар филантроп болуп кетмек.
  17. Кара далы күйөгө чыкса жаш келинге айланат.
  18. Ата эне баласын сүйлөгөнгө үйрөтсө, баласы ата энесинин жаагын басат.
  19. Алыстан баардык адамдар жакшы.
  20. Акчасыз жаманга караганда акчалуу жаман болгон жакшы.
  21. Жумуртка тоокко караганда акылдуу болушу мүмкүн, бирок бат сасып кетет.
  22. Жаштыгыңды кууп жете турган ат туула элек.
  23. Аял аз сүйлөсө эркек көп иш бүтүрмөк.
  24. Ак чач акылдуулуктун эмес карылыктын белгиси.
  25. Жакшы сүйлөгөнгө караганда жакшы унчукпай турган оор.
  26. Жаман аял жаандан жаман. Жаан үйгө кубаласа, жаман аял үйдөн кубалайт.
  27. Дүйнө адам көптүгүнөн эмес, адам эместер көптүгүнөн жоголот.
  28. Кудай, бутума турганга жардам берчи. Кулаганды өзүм деле билем.
  29. Жашооң жакшыга өзгөрбөй жатса күтө тур, жаманга өзгөрөт.
  30. Сүйүү канчалык таттуу болбосун, компот кайната албайсың.
  31. Кылаарга жумуш жокто чоң жумуштар аткарылат.
  32. Баласы жоктор тарбиялаганды баарынан жакшы билишет.
  33. Коркуп өлгөнгө караганда күлкүдөн өлгөн жакшы.
  34. Тажрыйба деп баштан өткөн каталарды айтабыз.
  35. Карыганда начар, бирок көп көрүп баштайсың.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here