Италиядан чыккан, тарыхтагы эң мыкты педагог, дарыгер, окумуштуу, философ жана гуманист Мария Мантессори болгон. Ал бүткүл өмүрүн, чыгармачылыгын балдардын жан-дүйнөсүн үйрөнүүгө, педаогикалык жактан аны өстүрүүгө жумшаган. Юнеско уюму, 20-кылымдагы эң мыкты, дүйнөлүк 4 педагогду аташкан. Алар: америкалык Джон Дьюи, немец Георг Кершенштейнер, Мария Монтессори жана советтик педагог Антон Макаренко.
Мантессори, балдар башкача жандар экендигине чоңдорду ишендире алган.
Педагогдун ата-энелерге берген эң мыкты кеңештери:

1. Балдарды айлана-чөйрө үйрөтөт
2. Балдарды тарбиялоодо өзүңдөгү эң жакшы нерселердиь гана көрсөт, эң жакшы ыкмаларды колдон жана тартуула.
3. Эгер, сиз балаңызды көп учурда критикаласаңыз, анда ал алгач сындаганды үйрөтөт.
4. Көп учурда балаңызды мактасаңыз, анда баалаганды үйрөнөт
5. Баланы колдогон маалда, анын өзүнө болгон ишеними жогорулайт.
6. Балаңызда болгон жаман сапаттарды жойгонго аракет кылбай эле, жан дүйнөсүн жакшы нерселер менен толтурсаңыз, жаман нерселерге орун калбай калат.
7. Жоопкерчиликке үйрөнгөн агабыз, ар кадамы үчүн сезе баштайт.
8. Баланы мектепке эмес, жашоого даярдоо керек

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here