Чагылган: Кылмыштуу топ уюштуруп, опузага салып коркутуп жана адам уурдаганы үчүн ИИМдин оперативдүү тобунун издөөсүнө алынган, мурда соттолгон, кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, кара дүйнөдө «Протез» деген каймана аты бар Ш.А. аттуу жаран кармалды. Аны Чүйдүн жайыттарынан кармагандыгын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаранга 2014-жылы Жогорку сот тарабынан жазасын толук өтөсүн деген чечим чыккан. Ал Мамлекеттик ЖААКтын 8 абагына камалып, кандайдыр бир себептер менен жазасын толук өтөбөгөнү айтылууда.

Учурда, Ш.А. 2011-жылы соттолуп,14 жыл эркинен ажыратылгандыгы тууралуу маалымат такталууда. Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгы кармалган жарандын башка кылмыштарга да катыштыгы бар же жогун текшерүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here