Кыргызстанда “Мегаком”, “Билайн” жана “О” деп аталган үч чоң компанияны өзүбүздөн баштап, итибизге чейин жакшы билебиз. Бул үч компаниянын мыктысы кайсы деген суроого жооп издеп көрөлүчү.

Мыктысы акыркы учурда “Мегаком” болуп жатканында талаш жок. “Мегакомдун” байланшы сапаты, интернет ж.б. толгон токой кызматтары, баасы азырынча элге жагып турат. Ал эми “Билайнды” деле анча жаман деп айтууга болбос. Бирок байланыш маселеси көп жерде жакшы тартпай, нааразы кылып койгон жайы бар. “О” компаниясынан акыркы учурда чын эле оомат качты, элди барган сайын эле алдагандан алдап жатат. Башында катуу чыккан. Байланыш баасы арзан болчу. 100 сом салсаң, бир ай бакылдашчусуң. Азыр ал тарифи жоюлган. Мурун ошол тарифке кошулгандарга 100 сомдун үстүнө улам, 10-20 сомдон кошуп, кымбаттатып жатат. Интернетти болсо эчак “өлүп” калган. “О нун” интернетин колдонгондор сөгүнүп –сагынып, каргап эле жатат. Байланыш сапаты да бардык жерде мыкты эмес. Кыскасы, эл нааразы болуп жатса да, “О” компаниясы эл мнен эсептешпей, эптеп эле элдин чөнтөгүн кагып калуу камын көрүп жаткандай. Эми бир иш чара боюнча мисалдарды келтирели. Бул үч компания тең 9-май Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге элден 20 -40 сомдон акча (смс жиберүү аркылуу) чогултушат. “О” компаниясы өз кардарларынын (миң адам) болгону 80 миң сом чоглутса, “Билайн” 138 миң сом чогултуптур. “Мегаком” компаниясы болсо (22 миң кардарынан) 470 миң сом чогулткан. Демек, “Мегаком” муну менен уюлдук компаниялар арасында алдыда экенин айгинелеп, аброю бийик экенин көрсөтүптүр. Ал эми жогоруда айтылган “Мегакомдон” башка эки уюлдук компания негизинен өздөрү үчүн гана иштешери белгилүү. Салыкка төлөгөн акчасынан башкасын өз чөнтөктөрүнө салып, башка мамлекеттерге чыгарып кетишет.

“Мегаком” компаниясы акыркы 4-5 жылдан бери улуттук компания болуп саналат. Демек, кыргыз элине, кыргыз мамлекетине ак дилден кызмат кылып, Кыргызстандын бюджетин толтуруп, салыкка миллиондогон  акча төгүп келаткан бирден-бир сыймыктана турган компания экени талашсыз. Бул жагынан алганда “Мегаком” биздин мамлекетте Кумтөр компаниясынан киийнки эле ири салык төлөчү компания болуп эсептелет. Бул компания салык эле төлөбөстөн түзүлүп, түптөлүп иштеп баштагандан бери кайрымдуулук жана ар кандай  малмекеттик ири иш-чараларга эң башкы демөөрчү да болуп келет.

Маселен, акыркы жылдардагы демөөрчүлүгүн далил катары учкай санап көрөлү. Кыргызстандын Англияда, Бразилияда өткөн бүткүл дүйнөлүк Олимпиада оюндарына барып, намыс талашып келген спортчуларыбыздын чыгашасын көтөрүп, кем –карчтарын толуктап берди. Ошону мененэле токтоп кабай, Олимпиада оюндарын, футбол ж.б. спорт оюндарын мамлекеттин башкы каналы КТРК түз эфирде чагылдырып берүүгө чоң салым кошуп, жалпы элибизге рахат тартуулады. Ал эми эки жыл сайын жергебизде өтүп келаткан, Кыргызстандын брендине айланган Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна эң башкы дөмөөрчү болуп бергенин айтсак жетиштүү болоор.

Автор: Азамат Берикбаев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here