Чагылган:Бүгүн  Башкы прокуратура Бакиевдин доорунда премьер-министр болуп далай мыйзамсыз, коррупциялык иштерге жол берген Игорь Чудинов менен ошол кездеги оюна кылт эте түшкөн жеке кызыкчылыктарды кызматтык кыянатчылык менен ишке ашырган вице-премьер-министр Акылбек Жапаров баштаган бир нече адамга карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Айтылган маалыматка караганда алар 2009-2015-жылдар аралыгында “Машина сыноочу станция” ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлүп, акча максатсыз пайдаланылган экен. Жапаров менен Чудинов азыркы кезде “Бир болдон” депутат. Бул фракция болсо, парламенттеги көпчүлүк коалицияга башын тыгып, бийликтин колуна суу куюп, көзүнүн агы менен кошо айланып жүрөт. Болбосо аталган фракцияда жеке эле Жапаров менен Чудинов эмес, Пирматов, Бакчиев, Кубанычбек Жумалиев өңдүү кыргыз мамлекетинин ырыскысын жеп-жутушкан шылуундар бар. Негизи Жапаровго “Машина сыноочу станция” маселе боюнча эчак эле том-том кылып кылмыш ишин козголгондугун билгендер айтып жүрүшөт. Бирок ал козголгон кылмыш иши Жапаров ар кандай жол менен ушул кезге чейин “тоңдуруп” келген дешет. Мындай болушу толугу менен мүмкүн. Маалымат каражаттары жазып чыккандай,мурдагы «Машина сыноочу станция»Кант шаарында жайгашкан азыркы көп тармактуу айыл-чарба ферманы «МИС» ААКны 13млн. АКШ долларына сатып алганын жазып чыгышкан. Бул маселе боюнча дагы далай былыктар ачыкка чыга элек. Эми алдыда чыгары бышык иш десек болчудай. Бир сөз менен айтканда Жапаровдун мындан башка да былыктары ачыкка чыгып, алар боюнча да кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүшү керек. Ал эми Чудиновдун Жапаровдун бул ишинен башка да кыргызга кылган кыянатчылыгы толтура. Ансыз деле Чудиновго Самаковдун жер маселеси боюнча кылмыш козголуп, сот иши өкүм чыгарган. Дагы чыксын. Бул экөнүн орду Ак үйдө эмес, тескерисинче абакта. Андыктан экөө камалса, кыргыз элинин басымдуу бөлүгү батасын берип, ыраазы болот десек болчудай…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here