Чагылган: Негизи биз тамашага жакын элбиз. Жакшы саамалыкты да, кыжырды келтирген ар кандай көрүнүштөрдү да балп  эле тамашага салып, тамаша менен таптакыр талкалап салышыбыз мүмкүн. Береги сүрөттөгү үч кыз мындан бир, эки ай мурун «албарсты мени басты, уу, уу, уу»-деп улуп ырдап чыгышканда, коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. Бул үчө ал сындарды, ачуу айтылган сөздөрдү такыр эле түшүнүшпөйт окшойт. Же «же бизге пофих» дештиби, айтор албарстыны макташып, улуттук байлык, ал биздин экономикабызды көтөрөт деген өңдүү сөздөр менен маек берип, өздөрүнчө эле «жылдыз» болуп жатышты. Ошол кыска убакыттан бери буларды күндө албарсты улутуп баса берип, бат эле боюнда кылып салышканбы, айтор бир тентектер бул үчөнүн кош бойлуу сүрөтүн интернетке жайышты. Албетте, тамаша деңизчи. Бирок минтип улуй беришсе, тез эле бош эмес, кош бойлуу болуп калышы деле ыктымал. Анан эң кызыгы минтип сулуу кыздарды күндө албарсты баса берсе, алардан адам төрөлөбү, же  «албарсты» төрөлөбү?!  Албарсты эле төрөлсө керек… Бул жагын тамаша-чынга айлантып, өзүңүз ойлоп багыңыз…

https://www.youtube.com/watch?v=9XQxvLlZ68s

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here