КСДП көтпөн-көп күттүргөн «көзүрдү» көрсөттү. Карта ачылды. Бийликтин мураскери Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков болоору коомчулукка дайын болду. Ич ара тиреш, талаш-тартышка чекит коюлуп, КСДП президенттике талапкер катары Жээнбековго токтоду.

Буга дейре КСДПдан талапкер катары президенттикке ат салышат делип аттары аталып келе жактан президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов, Бишкек мэри Албек Ибраимовдор президент Алмазбек Атамбаевдин чечимин колдоого мажбур болушту. Өлкө башчысы канткен менен эски үзөңгүлөш досуна өзгөчө ишенич артаарын айгинеледи.

Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги бийликтин колдоосуна ээ болушу президенттик шайлоого аттанып, так «талашмакчы» болуп жаткандардын көбүнүн демин суутту. Канткен менен баарына тең тактын ээси ким болоору айдан ачык көрүнүп калды. Мындан улам коомчулукка төбөсү көрүнүп, «сенден мен кыйын» болуп жатышкан Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев сыяктуу негизги талапкерлердин дымагы бастай түштү. «Чабал өрдөк эрте учат» болушуп күн мурун амбицияларына ээ боло алышпай аламанга түшөөрүн жар салып жиберишип, кайра артка кайтууга куру намыс кылып турушат. Чындыгында баарысы тең шайлоодо жеңип чыга албай тургандарын сезип, билип, көрүп эле жатышат. Бирок кел-келди кетирбей багымды сынап көрөйүн деген үмүт менен тообкелге салууга аргасыз. Ырасында баш тартууга жол жок. Анткени лидер катары коомчулуктун ишеничинен чыгат, команда чачырайт. Андан көрө жеңилсе да мөөрөй талашып, эл көзүнө көрүнүп коюу олжо. Ошол себептен, кадырды сактап, рейтингди көтөрүү үчүн кетчү чыгымга кайыл болууга туура келет.

Ырасында, негизги атаандаштык Жээнбеков, Бабанов, Сариев, Төрөбаевдин ортосунда жүрөөрү бышык. Өзгөчө Сооронбай мырза менен Өмүрбек мырзанын ортосунда күрөш катуу болот. Президенттик такты эңсеп турган Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков ич ара талаш тартышын жыйыштырып, «ийри отуруп, түз кеңешип» бир пикирге келишип, арасынан бирөөсүн колдой турган болушса булар да чоң күч катары саясий пагода жасоого мүмкүнчүлүктөрү бар. Өмүрбек Текебаевдин шайлоого жетпей жолу бууларында шек жок. Демек, жогорудагы төртөө негизги фаворит болушат.

Бийликтин Сапар Исаковго эмес, Сооронбай Жээнбековго токтолушунун бир топ ньюнстары бар. Биринчиден, Жээнбеков баардык негизги мамлекеттик тепкичтерди басып өттү. Жогорку Кеңештин 3 чакырылышынын депутаты, вице-спикер болду. Агрардык комитетти башкарды.

Айыл чарба министри болду. Ош облусун жетектеди. Мамлекеттик кадр кызматын башкарды. Президенттин аппарат башчысынын орун басары болду. Учурда бир жылдан бери премьер-министр кызматын чыр-чатак, жаңжалы жок аркалап келет. Тажрыйбасы жетиштүү. Жеген-ичкен деген жаманаттыдан алыс. Чечкиндүү кадамдарды жасап, жарк этип көрүнбөсө да интригадан алыс болуп, тынч иштегени менен коомчулуктун көңүл борборунда жүрөт. Экинчиден, аймактык тең салмактуулукту сактоо эрежесин эске алганда Жээнбековдун түштүк аймактан болуш чоң роль ойнойт. Бул жагдай кааласак да, каалбасак да жазылбаган мыйзам катары узактан бери келе жаткан процесс.  Демек, республикабыздын түштүк аймагынын дээрлик көбү Сооронбай Жээнбековго добуштарын беришээрин бөркүбүздөй көрсөк жарашат. Анткени «жаман да болсо өз корообуздан кочкор салабыз» деген түшүнүк күчүндө. Өзбек улутундагы жарандарыбыз күч кайсы тарапта экенин илгиртпей түшүнгөн ийкемдүү болушаарын эске алганда, бийликтин талапкерин колдошоору турган иш. Эгер Сапар Исаков талапкерлиги жактырылган болсо, КСДП түштүк аймактын добушун оодаруу кыйынга турмак. Андай болгон күндө түштүктүн көңүлү Бакыт Төрөбаевге бурулмак. Түндүк аймакты болсо капчыгы калың Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев жыра тартып, жарытылуу добуш алалмак эмес. Мына ушул жагын эске алган КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин туу кылып көтөрүп, сүрөөнгө алууну туура көрдү окшойт.

Кыскасы, баары жети өлчөнүп, бир кесилди. Баардык эсептер, эске алынды. Баткенди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, Икрам Илмянов көзөмөлгө алат.  Ош облусун Жээнбековдор өздөрү көзөмөлдөп, Раим Матраимовдор каржылык, адамдык ресрус жагынан да камсыз кылат. Ош шаарына Айтамамат Кадырбаев, Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Курсан Асанов жоопкер болот. Жалал-Абад облусунда деле административдик ресурс иштейт. КСДПнын ишенген адамдарынан тышкары Жогорку Кеңештин башка фракцияларынын депутаттары Исхак Пирматов Ала-Буканы, Чаткалды Азис Турсунбаев, Аксыны  Алмаз Эргешов сыяктуу кадыры, акчасы бар депутаттары бийликтин талапкерлиги үчүн иштеп беришет.

Түндүк аймактын добушун деле КСДПнын лөктөрү Жээнбековго буруп беришет. Чүйдү Иса Өмүркулов Аламендин, Ысык-Ата райондорун, Бакыт Жетигенов Кемин, Токмокту, Сокулуктан ары Кожобек Рыспаев иштейт. Бишкек үчүн Албек Ибраимов жоопту болуп, 4 райондун акимдери менен күнү-түнү иштеп болсо да биринчиликти камсыз кылууга жан үрөйт. Нарын шаарын, Нарын, Ак-Талаа райондорун спикер Чыныбай Турсунбеков, Ат-Башыны «Кыргызстан» партиясынын лөктөрү Шаршенбек Абдыкеримов, Алмаз Баатырбеков, Жумгалды Автандил Кулбараков, Кочкорду Мукан Абулгазиев, Дүйшөн Ирсалиев, Айгүл Рыскулова сыяктуу өңчөй аткаминерлер жоопкер болуп, добуш алып берүүгө кызмат кылышат. Ысык-Көлдү губернатор Узарбек Жылкыбаев өзү башында туруп көзөмөлдөйт. Таласты Жогорку Кеңештин Рыскелди Момбеков, Гүлкан Молдобекова баштаган депутаттары баш болуп, облус жетекчиси Даир Кенекеевдер элдин добушун алуу аракетин көрүшөт. Буларга Токон Мамытов жетектеп  турган Кыргызстан Элдер ассамблеясынын добуштарын кошсок Жээнбеков биринчи турда эле жеңип чыгат.

Айтор, Бакыт Төрөбаев Жалал-Абаддан, Бабанов Таластан, Сариев Сокулуктан эле биринчиликти албаса, калган аймактардын дээрлик баарын Сооронбай Жээнбеков алаарын бөркүбүздөй көрсөк жарашат.

Булак; Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here