Чагылан: Айтылуу Тогуз-Тородо бирден-бир майлуу орун «Макмал» алтын кени эмеспи. Мына ошого баргысы келип, ээлеп, майкөл-сүткөл доор сүргүсү келгендер четтен чыгат. Учурда, «Макмалга» жулунган эпчилдердин, шылуундардын жана жогорку жакта «танкасы» барлардын устукан талашмай оюну жүрүп, ал мурунку кадимки президенттин  бажасы Эмил Турдалиевге ооп турганын  «Жаңы Ордо» гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аны үлкөн жерлердин билермандары колдоп жаткан экен. «Кыңк-мыңк дегендерди үркүткөнгө чейин барып жатышканына, апрелчилер кабатыр болушканы беркеринен эмес. Себеби, бул тармактын этегине кирип алса, мамлекеттин казынасы какшый түшөөрүнө шарт түзүлөт. Учурда, Эмикең уруксат (допуск) кагазына чуркап аткан кези», — деп жазат гезит.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here